Белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков натыйжалуу ишмердиги, маданият жана спорт меценанты катары жакшы таанымал. Ал жеке ишкер катары мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонду, маданият, билим берүү жана спорт тармактарын да унутпай жакшы өздөштүрүп, колдоого алып кетти.
Мамлекетибиз эгемендик алганда элдин баары алапайын таппай, колуна илингендин баарын сата баштаган эле. Бул киши анткен жок, өзүн жоготпой, келечекти көрө билген кыраакылык, көрөгөчтүк кылды. Ай талаага базар ачайын, ошол учурдагы Бишкектин көчөлөрүндөгү башалман соода-сатыкты бир системага салайын, элди иш менен камсыз кылайын деген аракетин баштап, Борбор Азиядагы эл аралык «Дордой» базарын ачты.
1994-жылы Жапониянын Хиросима шаарында XII Азия оюндары болуп, «Бизден журналисттер барсын. АIPS Эл аралык спорт журналисттери ассоциациясы бар, ошого кошулалы» деген сунуштарды айтсак, Аскар Салымбеков макул болуп, биздин демилгелерди колдоого алды. Федерациянын түзүп, юстиция министрлигинен каттатып, Кыргызстанды АIPSке мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу кат жөнөттүк. 1995-жылдын апрель айында Сеулда өтө турган Конгресске чакыруу алып, барып катыштык. Кыргызстан деген өлкө бар экенин тааныттык.
Бир күн бош болуп калып, Аскар байке экөөбүз Сеул шаарынын ири базарларынын баарын кыдырдык. Барган жерибизден эле Аскар мырза баарын аябай караштырып, көпкө кармалып калат. Анын себебин кийин билбедимби. Көрсө, ал учурда биздин соодагерлер супермаркет дегенден кабары жок, темир үстөлдүн үстүндө
соода кылып жатса, бул жактын дүң базарында контейнерлер коюлганын, супермаркеттер, павильондор иштеп жатканын көрүп, ушуну Кыргызстанга жайылтса кандай болор экен деген ой пайда болуптур да.
Ошондон бир жыл өтпөй «Дордойдо» контейнерлер коюла баштап, бир заматта Борбор Азиядагы дүң соода базары болуп чыга келди. Корея, Түркия, Кытай мамлекеттери менен келишим түзүп, эл аралык соодага жол ачты. Биздин товарлардын да чет өлкөгө сатылышына жол салды.
Аскар Салымбеков ошол кезде эле: «Кабыл, 500 долларга бир контейнер алып койбойсуңбу» десе, аны эмне кылмак элем, соода сатык менен ишим болбосо деп болбой койгом. Кантсе да, соода кылып, ишкер болууга мүмкүнчүлүктөр бар эле ал кезде. Балким соодагер же ишкер болуп кетсем, спорт журналистикасынан оолактап кетет белем, ким билет? Канчалаган жарандар, мекендештер Аскар Салымбековдун жардамы, иштиктүү кеңеши менен чоң ишкер болуп кетишти да. Эми ар кимдин шыгы, жөндөмү да ар башка болот экен. Соода-сатыкка жөндөмүм жоктугунан ошол ыңгайлуу учурду колдон чыгарып отурбаймынбы.
Аскар Мааткабылович ажат ача билген, жардамга өтө муктаж адамдарга кайрым-
дуулук кылган демөөрчү жигит. Андай учурлар, жардам берген жагдайлары абдан көп. Бир эле фактыны айтайын: Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин машыктыруучусу Израилде жашайт, экөөнүн көрүшпөгөнүнө 15 жыл болуптур. Каныбек байкенин бардык чыгымын көтөрүп, чогуу барып, устаты менен жолугуштуруп келди. Оор операция болууга каражат сурап келгендердин көбүнө жардам берди. Маданият, спорт ишмерлерине, кары-картаңдарга жардам бергени өзүнчө эле бир китеп болмокчу. Аганы көрүп, ини өсөт дегендей, Аскар мырзанын ишмердигинен үлгү, өрнөк алган инилери Ырысбек, Эркинбек, Жумабек, Райымбек, Руслан, уулдары Улугбек жана Кубат дагы жардамга өтө муктаж адамдарга, колу жука көп балалуу үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардамдарын аянбай берип келатканына күбө болуп, аларга да ыраазы болуп жүрөм.
Нарын облусунда губернатор болуп турганда да жердештерине жардам бергенин далай уккан элем. Ал эми Ат-Башыга көпүрө салып, Нарынга сүрөт галереясын курганын, Кошой-Коргон, Таш-Рабаттагы тарыхый мурастарды калыбына келтирип, толгон-токой иштин демилгечиси болгонун эл, журналисттер жакшы билет.
Чынында эле Аскар Мааткабылович мыкты менеджер, мыкты ишкер, мекенчил инсан, дипломат адам. Ачууланып кыйкырбайт, жаман айтып сөгүнбөйт, улуу-кичүүнү кагып-силкпейт. Бир нерсени айткысы келсе, акырын гана жылдырып айтат. Бир туугандарына, алардын балдарына чейин бизнести үйрөттү, экономиканын ийне-жибине чейин окутту. Каза болуп калган агасы Шаршенбай байкенин балдары Ырысбек, Райымбек жана Русланды чоң ишкер кылып тарбиялады. Азыр Райымбек автобазарды, «Аламүдүн» базарын жетектесе, Ырысбек Ленин районунун акими да болду, Бишкек шаардык кеңешке бир нече жолу депутат болуп, жетекчи катары такшалып, учурда «Эмгек» партиясынын жетекчилеринин бири. Андан тышкары Эркинбек, Жумабек, Самарбек, Аманбай, Руслан жана башка инилери белгилүү коомдук ишмер, чыгаан ишкер катары таанылды. Учурда Жумабек Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты.
Аскар Салымбековду базар экономикасынын, бизнестин энциклопедиясы деп айтаар элем. Ал спортко эле эмес, маданиятка, искусствого да көңүл бурду. Мына «Октябрь», «Ала-Тоо», «Вефа», «Космопарк» кинотеатрларын кандай заманбап кылып койду. Бишкекте абдан чоң, эл аралык деңгээлдеги дагы бир заманбап «Космопарк» оюн-зоок, маданий ордосу, кинотеатрды куруп, ал элге кызмат кылып жатат. Искусство тармагына жакын адам экенин кылган иштеринен эле баамдаса болот. Мен бирин-экин гана мисалдарды учкай гана айтып жатам.
«Аял жакшы, эр жакшы» дегендей, жары жакшы чыккандыктан агабыз алдыга жылды. Жубайы, маркум Гүлмира Сулаймановна ага идеялаш, көмөктөш болгон эле. Анын ысмы учурунда өзү жетектеген «Койташ» эс алуу комплексине ыйгарылып, музейи ачылган. Жогорку интеллектуалдуу, билимдүү үй-бүлөдө өскөн эже өмүрлүк жарын бийик деңгээлге жетүүсүнө зор салым кошту. Гүлмира Сулаймановна саясый илимдердин доктору, бир нече китептердин автору эле. Бир нече жогорку окуу жайларда студенттерге сабак берип, коомдук иштерди да аткарып, ар жыл сайын Нарын облусунда жаш таланттардын фестивалын уюштуруп, жаш таланттарды колдоого алып, бул иш-чаранын бардык чыгымын көтөрүп жүргөн. Жаш таланттарды чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык конкурстарга, фестивалдарга демөөрчү болуп жөнөтүп, колдоого алган.
Ошентип Салымбековдор коллективдүү, ынтымактуу, биримдиктүү команда болушту. «Ынтымак бар жерде ырыс бар»дегендей, ынтымак, биримдик менен бардык тоскоолдуктарды жеңип, ырыс-кешиктүү болуп олтурушат. Бир туугандары, инилери да мыкты экен, Аскар Мааткабыловичтин берген багытын
туура пайдаланып, себепчи болуп түртүп койсо чуркап иштеп кетишти.
«Көк бөрү» федерациясы боюнча талаш болуп жүрөт. Бири Аскар Салымбеков ачкан десе, бири Болот Шер ачкан дейт… Чынында бул идея, жаңы эреже Аскар Салымбеков менен Болот Шамшиевге таандык. Мен буга өзүм күбөмүн. Болот Шер аны жайылтууга зор салым кошту. Болот Шер «Көк бөрүгө» кийин эле келип кошулду. «Көк бөрүнүн» жаралышы мындай: «Дордойдун» артында жайдак, таштак, чуңкур жер бар эле. Азыр ал жер жаңы конушка айланган. Ошол жерге алгач көк бөрү аянты, «тай казан» салынып, алгач Сокулуктун «Рассвет», Бишкектин «Дордой» командалары түзүлүп, 1996-жылы Нооруз майрамында жаңы эреже боюнча ойной баштаган. Андан бери канча деген азамат спортчулар чыгып, чебер катары таанылып, үй-бүлөсүн багышты. Мыкты аргымак аттар бар эле. «Көк бөрүнү» кармап туруш үчүн канча деген чоң каражат талап кылынат. Ар бир атты, аны баккан адамдын тамак-ашын, мелдештерге катышуу чыгымдарын көтөрүү оңой эмес. Ошонун баарына Аскар Салымбеков чыдады.
Аскар мырза футбол, грек-рим, эркин күрөш, дзюдо, бокс жана башка спорт түрлөрүн да колдоого алып жаткандыктан, көк бөрүнү көтөрүүнү Болот Шерге берип, кең пейилдик кылып, ага жол бошотту. Анын дагы мүмкүнчүлүктөрүнүн ачылышына, таанылышына бут тоспой, четке чыга бербей, колдоп турду. Кийин «Көк бөрү» федерациясына кайра президент болуп, Эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошту. Тай казан, жаңы эрежелерди иштеп чыгууда, эл аралык турнирлерди өткөрүүдө, Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көк бөрү бренд катары таанылышына Салымбековдун салымы да опол тоодой. Себеби, ошол алгачкы күндөрдөн тартып ушул күндөргө чейин көк бөрүгө эле 100 миллион сомдон ашуун каражат жумшады.
Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевге олимпиададан кийин 30000 доллардан берди. Бирок, аны жар салып, эч жерде айтканы жок. Чынында, тээ союз тарагандан кийин эл аралык мелдештерге каражатты кой, тамак-ашына акча таба албай кыйналган балбандарга ар дайым жардам көрсөтүп турду. Алардын ичинен Уран Калилов, Алмаз Аскаров, Данияр Көбөнов, Нурбек Аканов, Магомед Мусаев, Каныбек Жолчубеков, Урмат Аматов, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана башкалар дүйнөлүк, азиялык мелдештерде байгелүү кайтышты, чемпион болушту. Ошондой эле Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан даңазалуу балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекованы, Мээрим Жуманазарованы, Айпери Медет кызын колдоого алып, меценат катары Бишкектен батир белек кылган. Башка саясатчылардан айырмаланып Аскар Салымбеков спортсмендерди саясий пиар, өзүн коомго көрсөтүүчү мактаныч катары пайдаланган жок. Эгемен өлкө болгону Аскар Мааткабылович жайкы жана кышкы олимпиада оюндарына барган команданы дагы колдоого алып, демөөрчү болуп келүүдө.
Бүгүнкү күндө “Дордой” ассоциациясы жылына спортко 70 миллион каражат жумшайт. Буга чейин жалпы республика боюнча бир нече стадиондор курулуп, бокс, күрөш, дзюдо, гимнастика залдары салынды. Өлкө аймактарында жашыл желим газондору менен 70ке чукул кичи футболдук аянтчалар курулду. Ассоциация спорттун ондон ашуун түрүнөн атайын секцияларды ачып, командаларды түзүп, алардын машыгуусуна шарт түзүп келет. Алдыңкы, ийгилик көрсөткөн спортсмендерге атайын стипендиялар каралган.
Аскар Мааткабыловичтин дагы бир ичкен ашын жерге койгон сүйүктүү спорту – футбол. “Дордой” футбол командасы көп жолу өлкө чемпиону болуу менен бирге, бир нече жолу Азия конфедерациясынын Президентинин Кубогунун жеңүүчүсү болгон. Кыргызстандын футбол тандалма командасынын дээрлик жарымынан көбү “Дордой” футбол клубунун оюнчулары.
Учурда Дордой ассоциациясы профессионалдык деңгээлдеги үч футбол командасын каржылап келет. Спорт клубдун базасында атайын жаш футболисттерди тарбиялап чыгуу үчүн футбол академиясы дагы ачылган, анда 5 жаштан 18 жашка чейинки балдарга 20дан ашуун группа ачылып 600дөй бала машыгат. Спортту көтөрүү, жаштарды спортко тартуу максатында Бишкекте атайын “Дордой” спорт комплекси курулуп ага 70 миллион сом каражат коротулган болсо, кийинки жылдары дагы 90 миллион сомдук каражат сарптоо пландалган. Мындай аракеттер өлкө имиджине, спортко канчалык таасирин тийгизип жатканы Аскар Мааткабыловичтин ишмердигинен так, даана көрүнүп турганын адистер жогору баалап жүрүшөт.
Негизи Аскар Салымбеков намыскөй киши. Кыргызстан желегинин жогору көтөрүлүшүн каалайт. Спорт адамы катары да, ишкер катары да чет өлкөдө баркы чоң. Бир топ жылдан бери Бразилиянын Кыргызстандагы ардактуу элчиси Салымбековго ардактуу консул деген статусун берген. Бул — анын эмгегинин, аракетинин чет өлкөдө дагы баалангандыгынын белгиси. Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы «Ole Brasil»футбол академиясында кыргыз балдар билим алып жатышат. Бул адам бир эле футболго эмес, спорттун бардык түрүнө жардам берип жүрөт.
Эл аралык деңгээлдеги «Дордой» спорт комплексин дагы курду. Бишкектин четиндеги бир нече жаңы конуштарга, Чолпон-Ата, Ат-Башы, Токмок, Новопокровка ж.б. айылдарда жалпы өлкө аймактарына бир нече спортзалдарды, 45 жасалма кыртыштагы футбол аянттарын, имараттарын курду. Эми Каракол, Жалал-Абад, Ош, Балыкчыга дагы курууну максат кылып турат. Спорт боюнча жардам сурап кайрылгандар көп, качан барсаң кабинетине узун кезек эл турганын көрөсүң. Туугандары, тааныштары, өмүрү аны тааныбагандары, жардамга өтө муктаж болуп тургандар жана башкалар. 30 жылдан ашуун убакыттан бери «Дордойду» эл аралык деңгээлде таанытты. Эми «Дордой» көп тармактуу, ири өнөр жай ишканалары, чакан завод-фабрикалары, эл аралык эс алуу жайлардын, заманбап спорт комплекстеринин системасы болуп калды.
«Дордой» ассоциациясы даңкына жараша кандай жүк артса дагы, тартып кетүүгө жарайт. Буга мисал катары учурда эле 50-60 миң адамды иш менен камсыз кылып жатканын айтсам жетиштүү болоор. Ак эмгеги менен элге-журтка алынган, кадыр-барк күткөн “дордойчулар” кыргызга дагы далай кызмат кылаарын бөркүмдөй көрөм.
Анын боорукердиги, карапайымдыгы кайрымдуулук иштерде ачык көрүнүп, меценант катары башка ишкерлерге үлгү, өрнөк болуп келатат.
2007-жылы Аскар Салымбеков 6 миллион сомго Кошой-Коргон тарыхый комплексин салып, анын ачылышына эл аралык коноктор баштаган, жалпы кыргызстандыктарды чакырган. Андан сырткары билим берүү тармагына 100 миллион сомдон ашуун колдоо көрсөткөн.
Таланттуу жана илимдүү жаштарды колдоо үчүн жылына “Акыл тирек” программасынын алкагында байгелер берилип келүүдө. Элдин аялуу катмары болгон, социалдык абалы начар же болбосо катуу оорудан жапа чеккен, операцияга муктаж жарандарыбызга жалпы суммасы 160 миллион сом жардам көрсөтүлүптүр.
Мына ушул жогоруда айтылган сөздөр, жазылган фактылар мамлекеттин жана
коомдук ишмер Аскар Салымбековдун кыргыз эли, кыргыз спорту, кыргыз маданият-тарыхы үчүн жандили менен күйөрүн тастыктап турат.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

