АКШ президенти Дональд Трамп демократ-губернаторлорго кысым көрсөтүп, алардын шаарларына коопсуздукту камсыздоо максатында Улуттук гвардияны жайгаштырууну сунуштоодо.
Айрыкча ал Иллинойс штатындагы Чикаго жана Мэриленд штатындагы Балтимор шаарларын белгилеп, бул жерлерди “тозок тешиктери” деп атады. Бул билдирүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катуу нааразычылыгын жаратты.
Дональд Трамп, АКШ президенти:
“Акыркы үч жуманын ичинде Чикагодо дээрлик 20 адам өлтүрүлдү. Дүйнөнүн эч бир жеринде мынчалык жок. Афганистанда да мындай эмес. Чикаго азыр – тозок. Балтимор да тозок. Мен губернатор Прицкер мага чалып, ‘бизде олуттуу көйгөй бар, биз аскер киргизүүгө макулбуз’ десе, ага урмат менен мамиле кылмакмын. Анткени адамдарды коргоо керек”, – деди Трамп.
Бирок Иллинойс штатынын губернатору Джей Би Прицкер президенттин бул демилгесине каршы чыкты.
Джей Би Прицкер, Иллинойс губернатору:
“Чикаго көчөлөрүндө аскер болушун каалабайт. Мен буга чейин президенттен жардам сураган тажрыйбам болгон, бирок натыйжада эч нерсе алган жокмун. Дональд Трамп менен дагы бир жолу реалити-шоунун катышуучусу болгум келбейт. Бул кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө же Чикагодогу коопсуздукту жакшыртууга тиешеси жок. Бул – Трамп үчүн күчүн сынап, саясий спектакль коюп, коррупциясын жашыруу мүмкүнчүлүгү гана”, – деди ал.
Трамп болсо аскерлерди “баары бир киргизем” деп билдирди, бирок качан болору так айтылган жок. Өткөн айда ал Вашингтондо Улуттук гвардияны жайгаштырып, аны “ийгиликтүү эксперимент” деп атаган. Президенттин айтымында, “жылдар бою өсүп келген кылмыштуулук азыр толугу менен жок болду”.

