“Эмгек каарманы” рубрикабызда бул жолу Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицей тууралуу кеп кылабыз. Бул окуу жайы ар түрдүү багыттагы келечектеги кесип ээлерин, башкача айтканда “Эмгек каармандарын” даярдап келет. Ушундан улам окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү дээрлик жүз пайыз жумуш менен камсыздалып жатканын лицейдин жетекчилиги билдирди.
“Ийгиликтүү иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз көп”
Директордун окуу-өндүрүштүк жана методикалык иштер боюнча орун басары Гулзада Усупова лицейдин тарыхын жана азыр кандай кесиптерге балдарды окутуп жатышканын айтты. Анын айтымында, лицей 1946-жылы негизделип, кийинки жылы 80 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат.
«Лицей 1946-жылы негизделген экен, эмдиги жылы 80 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктарды көрүү алдында турабыз. Биз курулуш жаатында квалификациялуу адистерди даярдоо жаатында иштейбиз. Азыркы учурда 6 багытта балдарды окутуп жатабыз. Алар, курулуш иштерин жасалгалоочу, эмерек өндүрүшүнүн чебери (жыгач усталар) деген кесип, автоэлектрик, слесарь-сантехник, ширетүүчү, электр монтаждоочу. Бизге 9-классты бүтүп келгендер 2 жыл, 11-класс-тан кийин келгендер 10 ай окуп, мамлекеттик үлгүдөгү диплом алып чыгышат”, – деди ал.
Студенттер бюджеттик негизде окуп, түшкү ысык тамак менен камсыз болушкан. Ал тургай эң мыкты окугандарына стипендия берилип, Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жиберишет экен.
“Бизде жатакана жок болуп жатат. Эгерде, жатакана болгондо бүтүрүүчүлөрдү көбүрөөк окутат элек. Директорубуз жатакана салдыруу үчүн министрлик менен сүйлөшүп жатат. Эгер, маселе оңунан чечилип калса, жакынкы жылдары жатакана салынып, алыскы аймактардан келген балдарды да окутууга жакшы шарт түзүлмөк”, – деп кошумчалады Г. Усупова.
Учурда 320 окуучу лицейде билим алып жатса, анын 88 окуучусу быйыл диплом алуу алдында турат. 2025-2026-окуу жылына 270ке жакын жаңы студенттерди кабыл алуу алдында турушат.
“Биздин мугалимдер кыска мөөнөттүү 3 айлык курстарды да окутушат. Ага көбүнчө жашы улуу адамдар келишет. Курсту бүтүргөндөргө мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет. Ал кошуна өлкөлөргө да жарайт. Бизден билим алып, чет өлкөдө ийгиликтүү иштеп жаткандар көп”, – деп сөзүн аяктады директордун орун басары.
“Эркек киши сантехниканы билиши керек”
Мындагы агайлардын дагы бири мастер Таштанбек Эсенбеков. Ал ушул лицейде 51 жылдан бери иштеп, профессионал сантехниктерди тарбиялап чыгарган.
«Биздин балдар 2 жыл окуганда дипломуна кошуп аттестат дагы беребиз. Биринчи курстун аягында алар бир айлык өндүрүштүк практикага чыгышат. ЖОЖдордо балдар практикада бекер иштеп беришсе, биздин студенттерибиз практика учурунда эле келишимдик негизде эмгегине жараша акча ала башташат. Балдар кайсы гана кесиптин ээси болбосун, сантехниканы, курулушту билиши керек деп эсептейм. Азыр айыл менен шаардын айырмасы жок, үйдүн ичине бардык шартты түзүп алууга мүмкүнчүлүк бар. Демек, эркек киши акчаны башка бирөөгө бербей, чөнтөгүнө алып калыш үчүн курулушту үйрөнүп алышы кажет. Ал үчүн бизге окшогон лицейлерге келсе, кыска мөөнөттө жалаң практика жүзүндө көрсөтүп беребиз. Биз студенттерибизге практикалык сабактарда баарын өз эрежелери менен кураганды көрсөтөбүз. Алар өздөрү ошонун баарын жасап чыгышат. Бүгүнкү күндө сантехника тайпасында 80 пайыз окуучулар аймактардан келип окуп жатышат. Бул сантехниктер азыр алыскы айылдарга дагы керек болуп жатканынын белгиси десек болот. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн бир жакшы жери жаштарды жанына алып, практика жүзүндө көрсөтөт. Ал тургай баланын мээнетине жараша тыйын төлөп беришет.
Лицейибиз жеке менчик жана мамлекеттик мекемелер менен кызматташып, аларга кадрларды даярдап берип турабыз”, – деди Таштанбек агай.
Өмүрүн мугалимдикке арнаган Айдаралы агай
Айдаралы Айтмырзаев өмүр бою ушул №5 лицейде мугалим болуп иштептир. Ал тургай окуу жайдын директору кызматына чейин жетип, кийин пенсияга чыккандыгына байланыштуу өз каалоосу менен кызматын тапшырып бериптир. Учурда улук мастер болуп окуучуларга билим берип жатыптыр.
Ал өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин лицейде окууну каалагандардын саны кескин азайганын мындайча эскерди.
“Мен жаңы жумушка киргенде 1200-1400 окуучу бар болчу. Эгемендүүлүк алган жылдары алардын саны кескин кыс-карып, 250-300 болуп калды. Айлык маянанын аздыгына байланыштуу жумушун таштап кетип калган мугалимдер да көп болду. Бирок, мен өз кесибимди, балдарды таштап кете албай койгом.
Бизден бүткөн балдар ушул убакка чейин жумушсуз калган эмес. Айрымдары жеке ишкер болуп кетишсе, дагы бирлери чогулуп бригада болуп алышып иштеп жатышат”, — деди.
А. Айтмырзаевдин пикиринде баланы жаштайынан өзү кызыккан кесипке окутуу кажет.
“Албетте, жогорку билим керек, бирок, азыр ата-энелер балдарынын жөндөмүнө карабай эле ЖОЖго тапшыртып коюшат. Ал бала 4 жыл убактысын кетирип окуганы менен кийин ал кесипти аркалабай коюшу ыктымал. 30-40 жашка келгенде диплому боюнча иштебей, биздин лицейден кесип үйрөнүп кеткендер дагы көп. Ошону үчүн айтарым ата-энелер башкаларга атаандашканды токтотуп, баланын жөндөмүнө карашса. Мына мен өмүр бою мугалим болуп иштеп жатам. Мен балдардын жөндөмүн бир нече айда биле алам. Айрым балдар чындап кесип үйрөнүү үчүн келишсе, дагы бирлери жөн эле мектептен качып келишкени дароо эле байкалат.
Бизде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы окушат. Алар башка балдардан кем калышпай, керек болсо алардан дагы жакшыраак өздөштүрүп кете алышат”.
№5 лицей Бишкектеги ири ишканалар менен келишим түзгөн. Келишим боюнча алар өздөрүнө жетишпеген кесип ээлерин лицейден алышат.
“Бишкек курулуш” – курулуш монтаждоочу башкармалыктар, жеке курулуш компаниялары, соода борборлору биз менен кызматташышат. Биз менен кызматташкан мекеме-ишканалардын өкүлдөрү экзаменге келип, бүтүрүүчүлөрдөн экзамен алышат. Ал тургай ошол жерден көңүлүнө туура келген балдарга жумуш сунушташат.
Биздин балдар диплом алганды күтпөй эле сабактан кийин кесиби менен иштеп кетишет. Мисалы 2-курстардын 60-70 пайызы студент кезинде кесиби менен иштесе, диплом алганда 100 пайыз бүтүрүүчүлөр жумушка орношот. Лицейди бүткөндөн кийин жогорку билим алуу үчүн окугандар дагы жок эмес”.
Агай сөзүнүн аягында дагы бир жолу кайталап, ата-энелер балдарынын жөндөмүнө карап кесип тандоого багыт бериши керектигин, антпесе баланы жөн эле өзү каалабаган окууга окутуу анын кийинки келечегине терс таасир этип калышы мүмкүндүгүн айтты.
“Үйдөгү раковинаны оңдой албай ардандым…”
Биз лицейге барганда окуучулар жайкы практикага чыгып кетишиптир. Бирок, биринчи курстун студенти Майрамбек Идирисовду лицейден жолуктуруп калып сөзгө тарттык. Ал Нарындын Жумгал районунан болот экен, 9-классты бүткөндөн кийин бул лицейге өз каалоосу менен келип окуп жатыптыр.
«Жумгалдан болом, 9-класстын базасы менен келгем, быйыл биринчи курсту аяктадым. Бир жыл ичинде раковина, душ, унитаздарды койгонду үйрөндүм. Учурда шаардагы белгилүү бир соода борборунда практикадан өтүп жатам. Ал жактан мага акча төлөп беришет, мугалимдер лицейден практика жүзүндө жакшы үйрөтүшкөндүктөн практикага чыкканда дароо эле көнүп кеттим.
Бир күнү айылдагы үйдө раковина бузулуп калыптыр, ошону оңдой албай ардандым да, сантехниканын окуусун окуп келем деп атайын шаарга келгем. Лицейди бүткөндөн кийин билимимди жогорулатуу үчүн университетке тапшырайын деген максатым бар”, – деди М. Идирисов.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»