whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек

Арстанбектин арманы

Улам дем алып, улам бир тарашадан экинчисине жармашып, бир таштан экинчи ташка аттап, өйдө карай өрмөлөп келаткан  мынабу өспүрүм бала кадимки Буйлаш бийдин уулу Арстанбек. Жуукунун карагай, арча аралаш тескей бетинде кой жайып, кокту–колотко тарап кеткен козу–корполорду жайыкты көздөй  кайрып, кээ кээде үн чыгарып ырдап да коет. Жаш өспүрүм Арстанбек мына ушул кол менен жасап койгондой кооз, бетегелүү бетке кой жайып, мал тосуп нечен чыкты го. Акшыйрактын, айрыкча Кылдоонун  ал көрбөгөн жайыттары, жылга–жыбыттары калбаса  деле  керек.

Мына күн так төбөгө көтөрүлүп, жайдын аптабы жайыттагы ылаалаган малды көлөкөгө карай  кубалай турган болду.   Күн ысыкта ача туяктуунун баары, айрыкча кой жаныбар чөп издебей, көлөкө издейт эмеспи. Убагында кыркылбаган кылчык жүнү денесин ысытып, шайын оодарат. Баары жабалактап же арча, карагайдын түбүнө корголойт, же көлөкөлүү борчук таштын астына тээ күн салкындагыча биринин астына бири башын тыгып, далайга байырлайт. Ошол убакта Арстанбек бийигирээк жерге чыгып  алып,  айлана тегерекке назар таштайт, балалык кыялы менен тээ алыста мунарыктаган тоо кыркаларга көз чаптырат, канатым болсо ошол жактарды мен да барып көрсөм ээ деп ою обого чабыттайт. Деле эл–жерди кыдырсам, Жууку менен Кылдоонун чегинен чыгып, башка журттарды, кыйырларды да өз көзүм менен көрсөм десе ар дайым санаасы санга кетет. Ал жакта  жашаган элдер, адамдар кандай болду экен, кандай турмуш кечирет  экен деп  ушунчалык  кызыкдар.

Эсинде: бир жолу Акшыйрактын карагай менен арча аралаган аска–зоосуна  бир бүркүт алыстан айланып келип, кудум жалама зоонун  борчугуна   конду. Сыягы, ошол жерде уясы бар го деп болжоду бала. Болжоду да  далайга чейин ошол зоокадан көзүн албай, бүркүт кайра качан учуп чыгаар экен деп көз албай карап отурду. Бир убакта эки-үч жолу чарк-чарк эте шаңшып, бүркүт конгон жеринен кайра учуп чыкты. Зооканын тушунда бир айланып учту да, канатын кере-кере шилтеп, обого бийиктеп алган соң  тээ кырдан каалгый ашып караан үздү. “Кетти, кетти кырааным” деп, бийиктик менен эркиндиктин эгеси болгон зор бүркүткө суктана карап, көзү менен узатып кала берди бала. Оюнда ошол каалаган тарапка канат шилтеп учуп кете бере турган, эч кимге күнкор да, милдеткер да эмес, эркин жашап, ээн-эркин жер-сууну, бүтүн ааламды  кыдырган  канаттуу кушка айланып калсам ээ деп, жаш Арстан шуу үшкүрүп алды…

…Арстанбек жаштайынан тирикарак, таштын уюлундай чыйрак бала болуп чоңойду. Тирикарак болбогондо кандай кылат эле – аты Арстанбек болгону менен атасы Буйлаш бий аны иттин күчүгүнө теңебей, салбар атыктырды. Менин уулум, менин каным деп алдына алып эркелетпеди, бешенесинен сүйүп, маңдайынан сылабады. Атасы бир, энеси башка туугандары ага ар дайым үстүртөн карап, нечен жолу тогуз канат ак өргөөгө башбактырбай, атасынын үстүнө киргизбей, ирегеден түртүп чыккан күндөрү болду. Кирсе да чоң байбиче жаман көзү менен карап, кымыз эмес, кыры кетик кара кесеге айран куюп берди.

Буйлаш бий канткен менен эл адамы эмеспи, Арстанбекти жок, ал менин балам эмес, менин тукумум эмес деп четке какпады, өтө деле жекирип–жерибеди, бирок аталык мээримин башка балдарына караганда аз төктү, камкордукту да аз  жасады. Эки сөзүнүн биринде “жаман” деген сөздү көп айтып, сырттагылар “салбар” десе, өз атасы Буйлаш үй ичинде  аны “жаман” атыктырды. Ар качандан бир качан  “тетиги жаман кайда жүрөт”,  “чакыргылачы  тетиги жаманды” деп кемсинте сүйлөдү. Чын-чынында “жаман” деген сөздү кыргызда эркелетип да айтат, баланын атасы “менин жаманым”, “менин жаманым деле  эл арасында, көптүн карасында…” деп атын атабай кеп кылат, ал  эркелеткендин, көз тийбесин, бирөөнүн назары тийбесин деген маанини түшүндүрөт. Бирок “эй, жаман”, “тетиги жаманга айтып кой” деген сыяктуу кытыр сөздөр таптакыр башка сөздөр эле. Адегенде Арстанбек  ага деле анча маани берчү эмес, ата деген ушундай сүйлөйт турбайбы, атанын сөзүнө бала эч качан  таарынбашы керек, ошон үчүн ата да деп унчукпай жүрдү. Апасы Төрөкан да ушуну айтчу. Бирок кеп анын чын эле жамандыгында эмес, болгону чоң  аялдан туулбай, токолдон туулганында экенин кийин гана түшүнө баштады го.

Баарынан да баланын ичин туз куйгандай  ачыштырган нерсе – башка айылдарда, башка жайлоолордо  той-тамаша болсо, Буйлаш атасы ошол чоң аялдан туулган уулун жүнү жылтылдаган жоргого мингизип, кошо ээрчитип кеткени болчу.

Күнү кечээ короодо чикилдек ойноп атканда, мынабу эле бадачы Тотобайдын мурдунан көк маңкасы кетпеген кара баласы:

– Эй, бийдин тукуму, атаң дагы сени журтка таштап кеттиби? Кара кунанды ыраа көрбөй, кара эшекти калтырып кеттиби сага? – деп шылдыңдады го.

– Ишиң болбосун, Тотобайдын торпок  муруну! – деп көкүрөктөн нары жыга түрттү баланы.

Ага болчубу, айрөк, айрөк, салбар, салбар деп эликтеп,  Тотобайдын баласы алачыгына кире качты. Мындайлар Арстанбектин бала чагында көп эле жолу болду го…

Баарынан ачуу кордук – Буйлаш ар дайым журт которгондо Төрөканды эки баласы менен кыйлага чейин жаңы конушка көчүрүп кетпей, журтка таштап кеткени эле. Уялганынан ошол эле Буйлаштын туугандары кеч болсо да намыс кылып көчүрүп кетчү.

Боз жорго минип теңселген атасынын жанында асый чыкма кара жоргону минип, атасы менен катар керилип ат бастырган агасын карап туруп Арстанбек эч бир ичи ачышпай кое алчу эмес. Кышкысынчы.. Кышкысын  улам бир жерде көк бөрү бермей башталат. Айыл арасында баланча миң башы  байге коет экен, түкүнчө бий торпок берет экен деген эле сөз. Кыргызга андан өткөн эмне тамаша бар–тайлуудан таяк калбай баары ошол жакка самсыйт. Дагы да болсо унутта калган баягы Арстанбек. Куйругу чарт түйүлгөн аттарды алчактатып көкбөрүгө кетип бараткан атасы менен агасын көргөн Арстан үн чыгарбай  ыйлап–ыйлап  алчу. Апасы Төрөкан, андан кийинки дагы бир  кенжеси  болуп  пааналаган төрт канат кара алачыктын жыртыгынан  андайды нечен жолу шыкаалай карады го Арстанбек…

Ошондой учурларда эч бир жазыгы жок Арстанбекти маңдайынан сылап, бооруна кысып, “ыйлаба, каралдым, жашык болбо, жүүнү бош жигит болуп каласың” деп ар нерсе айтып алаксыткан жалгыз киши – апасы Төрөкан болду. Буйлаштан эки бала төрөп, эптеп алардын кардын тойгузуп, элден кем кылбай чоңойтконго болгон аракетин жумшады Төрөкан.  Кырдач мурун, кара каш, жашы отуздан эбак ашып калса да бураң белин бел кылып сактап калган, уюлгуган узун чачын элге көрсөткүсү келбегендей жоолук астына тыкыра байлаган Төрөкан Арстанбектин бирден-бир акылчысы, арка–бели болду.  Буйлаш бий аны кыз кезинде жуучу жиберип атып токол алса да, билерман байбичесинин күндөштүк кылганынын, ачыктан ачык кызганычтык кылганынын айынан эстүү-баштуу Төрөканды  Буйлаш бий эл сыяктуу бүлө кылууга жарабады. Көрөр көз аялынын сөзүнөн чыкпады. Аны көргөн эл-журт, тууган-урук Буйлаштын бул кылыгын эч бир жактырчу эмес:

– Өгүз өлтүргөн балта дейт. Арстанбек баары бир өз канынан чыккан,  ак никеден туулган баласы да. Биринчи катыны беш бала тууса эле баары телегейи тегиз болуп калат бекен. Ушу кылганы кудайга жагабы бийдин? Баланын да кесири болот, уул баланын убал – сообу дегени бар. Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала кылып… – десе, дагы бири:

– Бий акебиздин тапкан акылы – сакадай болгон баласын жылкычы, койчулардын арасына кошуп, малчы кылып таштаганыбы? – деп жакын эле туугандары ич ара күңкүлдөшүп калышчу.  Бул айың сөздөр Арстанбек баладан башкача зирек, тили чечкедей тирикарак чыккандан кийин андан бетер көбүрөөк айтыла баштаган
эле.

Айтор, Арстанбектин арманы бала болсо да ичине жык толуп, аны айта турган апасынан башка кишиси жок. Дале болсо ошол жылкычы-койчулардан жылуу сөз угуп, акыл-кеңештерин тыңшайт. Айрыкча көпчүлүк эл Бороончу Борош деп койгон жылкычы акенин сөздөрү (кээде аны  бозокор Борош деп да коюшат) Арстанбекке көп таалимин калтырды. Чынында да ар дайым борошодой шашып-бушуп, бак-бак этип элдин баарынын кулагы катып, дүлөй болуп калгансыгандай бапылдап сүйлөгөн, жайы-кышы бозо салдырып ичип,  качан болсо чала кызуудай жүргөн  Борош эмнегедир Арстанбекти өз баласындай жакшы көрчү. Баланын кээ бир сөздөрүнө там берип да таң калып, ушу бала аман болсо мыкты киши болот, айтты-айтты дебегиле деп кеп кылат. “Бу Арстанбай жигиттин гүлү, эркектин эрени болот” деп жылкычы, койчуларга көп айтат. Арстанбай дегени, Бороштун эрекелеткени. Бирок Бороштун Арстанбекти канчалык жакшы көргөнү – Буйлашты ошончолук жек көргөнү
эле.

Бороончу Бороштун дагы бир жакшы жери – тоо-ташты аралап, мал четинде  жүргөндө үнү басылбай ырдайт. Бапылдаганы менен алыска угулган уккулуктуу үнү бар. Ырынын баары арман менен күйгөн. Ошо Бороштун обонун угуп жүрүп, Арстанбек да ээн жерде каалашынча үн созуп калат.  Короо четинде койчулар, мал кайтарган келин-кыздар созгон “Бекбекей” менен “Шырылдаң” Арстанбектин ар качан безе-лентип ырдаган сүйүктүү ыры. Адегенде өзү дагы көргөн–билгенин жамактап, аз-аздан ыр чыгара коет. Аны уккан карапайым калк жетине албай сүйүнүп, айрыкча Арс-танбектин аргендей болгон таза үнүнө тан беришип, “өмүрлүү бол, айланайын”  деп алкап калышчу. Дагы бир жолу жатаар тамакка алоолото очокко от жагып, келиндер казанга тамак асып отурганда Борош жылкычы:

– Арстанбай, сени ырдайт, кубулжутуп үн созот деп угам, бир добушуңду чыгарып койчу, балам, биз да угалы, – дегенде кадимки эле секетпайдын абанына салып, ырдып-ырдап  келип, Арстанбек  минтип кошуп  ийсе болобу:

 

Акшыйрак менен Молдо-Тоо,
Алда бир таалам колдосо,
Мен дагы жорго минээрмин,
Менин менчиктен жолум болбосо.

Акшыйрак менен Молдо-Тоо,
Алда бир таалам колдосо,
Алкынтып айгыр  минээрмин
Менин атадан жолум болбосо…

– Иий, кагылып гана кетейин, ушу сенден жорго айлансын! Алтын башың аман болсо жорго да табылат, мал да табылат, балам, – дешип жетине албаган  урук-туугандар, жайлоодо конуп-түнөп  мал баккан жатакчылар жалынып, жалбарып, айрымдары көз жаш кылып, бирөөнүн назары тийбесин деп Арстанбектин башынан суу айлантып чачып, ырым-жырымын жасашкан. Бул төрт сап ыры ошондо эле эл ичине тарап,  ооздон оозго өтүп кетти. Айтор, Арстанбек атанын ардагы болбосо да, элдин уулу, элдин сүймөнчүгү болуп чоңойду.

Бара-бара Арстанбек жакшы көргөн ага-туугандары, жалпы эле көл жээгиндеги Бугу журтунун, тынымсейит уруусунун атагы чыккан мыктылары, жакшылары тууралуу көп ырларды, жамактарды чыгарды. Ошентип жүрүп Арстанбек жайлоодогу  карапайым
журттун эрмегине, кубанчына айланды. Эң эле кызыгы, мурун чыгарган ырларын ырдап атып, бала ырчы каалаган оюн, тилинин учуна келе калган жаңы пикирин бири-бирине  куюлуштуруп төгүп ийчү болду. Үнүнүн тазасын айт, тилинин ширинин айт дешип, жетине албаган  койчу, жылкычылар  Арстанбекке качан болсо  астейдил. Дагы бир жолкусунда көз тийбесин, көкө теңири колдосун, касиеттүү ак Бугунун жети тукуму, бүтүн тынымсейиттин ыйыктары   таясын деп, бир кур улак союп, садага да чабышты.

Эзелтеден ширелүү сөз менен куйкум кеп байлар менен бектердин арасында эмес, эл ичинде, карапайым калк  ичинде  айтылат эмеспи. Бала ырчы Арстанбек өткөн-кеткен тууралуу, мурунку, кийинки заман тууралуу кызыктуу сөз, нускалуу  кепти ошолордон укту. Кулагы укканын, парасаты жеткен нуска сөздүн,  накыл кептин баарын көөдөнүнө кыттай уютуп, эсине бекем түйдү. Касиеттүү ак Бугунун жомогун кайра–кайра укту. Ал тууралуу ыр да чыгарды. Ошонун баарын жүрөгү аркылуу өткөрүп, акылы менен калчады.  Бара-бара эл араласам, журт чогулган жерге мен да барып, кеп-сөз уксам, катарга кошулсам, өнөрүмдү  көрсөтсөм деп дилгирленди. Той-тамаша, маараке, көк бөрү болгон жерге башка бирөөнүн атына учкашып болсо да барды. Кийинчерээк бой тартып, ат жалын тартып минип калган кезинде жерлигинен намыстуу, чыйрак чыккан Арстанбек атам  Буйлаштын малы менин да малым дегенчелик кылып, бир нече жолу эл чогулган жерден калбаш үчүн үйүрдөгү тай, кунандын колу жеткенин жүгөндөп минип, эл аралап барып жүрдү. Аны көргөн жылкычы, койчулар туура кылат бул бала, эгер эр болсо, намыс-ардан биротоло кетсе, Буйлаш баласын аттан жыгып, мингичин тартып алып көрсүн дешип, баары Арстанбек тарабында.

Арстанбектин бул жоругун көргөн жөнөкөй эл табасы канып:

– Туура кылат, өрт экен бул бала. Аман болсо Буйлаштын ушул баласы мыкты чыгат, көрөөрсүңөр. Сатат Буйлаштын мурунку катындан туулган балдарын. Атадан артык туулган уул болот, беркилерден он эсе мыкты жигит чыгат, –  дешип балага тан беришет.

Дагы бири:

–  Буйлаш өз канынан жаралган балдарын бирин ала, бирин кула санабай, бирдей карабайбы. Атаңгөрү, баягы Буйлаш да… Кайсы бирин айтасың, – дешти көпчүлүк.

Бир жолу башынан малсаак, ар дайым төрт түлүктүн туягын санап көнгөн Буйлаш бий Арстанбекти  өргөсүнө чакыртып алып, тили жеткиче жекирип:

– Эй, жубарымбек, өзөктөн чыккан өрт болдуң го сен. Экинчи жайыттагы тумсак жылкыны уруксатсыз минип, той-тамашага барсаң, шыйрагыңды чагам, – десе, Арстанбек атасына тике карап туруп:

– Менин шыйрагым жардан учуп өлгөн кыл куйруктун  шыйрагынан да нарксыз болсо, качкан жерим жок. Мына астыңызга келдим, – деп кесе жооп берип туруп, шарт бурулуп үйдөн чыгып кетиптир.

Ошондон бери Арстанбектин аты Акшыйрак менен Молдо-Тоону жайлаган, кышы Кылдоонун ичине ыктап, мал–жанын сактаган эл-журтка текши маалым. Арстанбектин макталганы – Буйлаш бийдин кепке–сөзгө калганы, айың сөзгө тушукканы го.

Дале болсо баягы жылкычы Борош:

– Кап, атаңгөрү, бу Арстанбайыма бир жакшы комуз чаап берген киши болгондо черткен күүлөрү да башкача угулат эле. Абаны да башкача чыгат эле баланын. Карачы тетиги сынык комузун, комуз аты эле болбосо… – деп өкүнүч этти.

Чындыгында эле  бала ырчынын комузу күү чертип, тамаша кыла турган комуз эмес, ошол койчумандардын ичинен кимдир–бирөө кээ–кээде кармалай койгон капкагы сынык маңка комуз болчу. Арстанбек ошого деле кубанып, тепкесин өзү жонуп, койчулар сыдыргыга салып ийрип берген ичек кылды эптеп тагып, ошону деле шартылдатып чертип жүрдү. Бой тартып, өспүрүм курактан өтүп калгандан кийин Арстанбек  кыз оюндардын гүлү болуп, анча-мынча ашыглык ырларын, жүрөк куйкалаган сезимдүү да, жугумдуу да ырларды кайра–кайра безелентип, элге эртели-кеч эрмек.

Арстанбектин жакшы көргөн жайлоосу Ысык-Көлдүн сыртындагы Акшыйрактын карагай менен арча шыкалган тескей бети, Молдо-Тоонун  малга жайлуу күнгөй-тескейи, шар аккан суусу капчыгайын жаңырткан  Жуукунун  ичи. Апасы Төрөкан сен Эки Нарындын ортосунда, күздүн күнү, боз кыроо жаңы түшкөн кезде туулгансың деп айтып калат.

Улам убакыт өткөн сайын бала ырчынын таланты андан бетер артты, табийгат көмөкөйүнө шыңгыраган үн берди, безеленген таттуу тил тартуулады, күйүнүчтү да, сүйүнүчтү арбын батырган кең көкүрөк ыроолоду. Элдин назарына эртелеп урунуп, эртелеп булбул атка конду. Жаш Арстандын талантын калың эл тааный баштап, ошолордун ичинде атасы Буйлаш да Арстанбектин ырчылыгы оозго алынып баратканын кулагы көп чалды. “Ии, тигини кара, ырчы, чоорчу чыктыбы жанагы  жамандан”  деп таңгалып жүрдү. Бирок оюнда  ырдаса ырдаптыр да, жүрө берсин, эр жетсе жок дегенде душман беттеп союл көтөргөнгө, мал союп, эт таратканга жараар деп эч бир маани берген жок.

Бала Арстандын кой жайып жүргөндө жакшы көргөн эки адаты бар. Биринчиси, билген ырларын четинен безеленте ырдап, каалаганча обон созуу. Үнү кытай чынысындай шыңгыраганын өзү да  сезет. Ошон үчүн  керек болсо таңдан кечке чейин деле ырдай берем го деп ойлонуп калат. Деле  Арстанбектин ырга, күүгө деген ышкысы тоодон чогулуп келип, таштан-ташка урунган  көк буурул суу сымал  агыны күчтүү, толкуну тоодой.

Экинчи адаты – кырга чыгып кеткен кой-эчкилерди кайра кайрып келиш үчүн улам жогору өрмөлөп, акыры сөзсүз белге чыгат. Белге, ашууга, тоо-таштын кырына чыкканды жакшы көргөнүнүн негизги себеби, андан да бийик тоолорго көз чаптыруу, тээ алыста учу көрүнгөн кыркаларды карап, кыялга батуу. Алыска алып учкан Арстанбектин кыялы ошол кыркалардын ары жагында дагы кандай жерлер бар, андан да ары жагында дагы эмне  деген  элдер жашайт, деле бул үстү жумшак, асты катуу кара жердин чеги кайда, кыйыры кайда деген кызыгуу. Арстанбектин ошол кызыгуусу бара–бара эл таанып, жер таанууга ынтызарлыкты жаратты. Ошол эл таанып, жер таанууга болгон ышкысы кийин деле, эр жеткен курагында деле эч бир кемиген жок, кайра күчөдү.

Ошентип Акшыйрак менен Молдо-Тоо-нун, Жууку менен Кылдоонун арасындагы  балалык күндөр биринен сала бири закымдады.

Бир жолу жаңы эле койлорду короого топтоп, жылкыларды жайытка имерип келгенден кийин, Борош аке баштаган бирин-экин койчумандар менен жаңы эле эс алууга көчүк басканда:

– Арстан, сени атаң келип кетсин деп үйгө чакырып атыптыр, – десе болобу мал кайтарган жалчылардын бирөө.

Дагы эмне болуп кетти экен, дагы атамдан жеме  угат окшойм деп Арстанбектин  чочуп кеткени. Анын үстүнө тогуз канат ак өргөгө береги  аталаш туугандары оңой менен башбактырчу эмес. Ошого намыстанган Арстанбек чоң катындан туулган аталаш тууганын ээн жерден кармап алып нечен кокуйлатып уруп–сабаган күндөрү болгон. Ал үчүн Буйлаш бийден канча жеме укту, канча сөгүү укту…

– Эмне чакырды экен атам? Шашылышпы? – деп такып сурап көрдү.

– Мен кайдан билем, келип кетсин дегенден башка эч нерсе укпадым.

Арстанбектин көкүрөгү түпөйүл тартып, барса барып келейин кечикпей деп дароо ордунан тура жөнөдү. Жолду ката дагы эмне болуп кетти экен деп сарсанаа тартканычы…

Атасы Буйлаш жашаган тогуз канат ак өргөөнун жанында эки ат кермеде байланып турганын көрүп, Арстанбек андан бетер таң калды. Конок келген сыяктуу. Конок келсе союшун союп, ичегисинен бери тазалап бере турган катын-калачтар, кызмат кылчу келиндер бар эле го. Анда менин эмнеге кызматым керек болуп калды экен?

Бир аз тартынып, бирок саламын бекем айтып, Арстанбек боз үйдүн босогосун аттады.

– Ассалому алейкум!, – учурашты жеткинчек бала.

– Ии, келдиңби? Отур тигиндей, – деп атасы Буйлаш балага улага тараптан орун көрсөттү. Жаңы эле көчүк басып, келген кишилерди айланта карагычакты, Буйлаш астындагы дасторкондо кыйгачынан жаткан узун моюн жыгач комузду алып:

– Эй, жаман, сени керели-кечке  доошу  басылбайт, ырдайт да турат деп угуп атам, ошол чынбы? Ме, мынабу комузду ошол чын болсо, –  деп алдындагы кылына жеңи  тийип кеткенде зың дейт түшкөн түсү кызгылт арча комузду  алып, Арстанбекке ыргытты. Комузду балага бергенден кийин адатынча аябай зекип, жоготсоң же сындырсаң энең экөөңү бир төөлүк отунга айыпка жыгам деп каарып өттү. Арстанбек ага анча деле кулак салбады. Негизгиси, колуна чыныгы уста чапкан комуз тийгени эле. Өспүрүм адегенде атасы эмне деген буюмду ыргытканын анча түшүнгөн жок. Кадимки эле комуз экенин көрүп, кылы да, тепкеси да ордунда экенин билген соң, Арстанбек өз көзүнө өзү ишенбей кетти. Колуна комузду шып кармап, тырмагы менен үч кылды бир жанып өткөндө, толугу менен күүлөнбөгөн болсо да, комуз ажайып бир үн чыгарганычы… Арстан арча комузду  дароо көкүрөгүнө кысып, эшикке атып чыкты. Андан аркысы жакшы эсинде жок. Боз үйдөн атып чыгып, сүйүнгөнүнөн чөбү калың эңкейиш жайлоо менен безилдеп ылдый карай  чуркап баратканы бир эсинде. Артынан кубалап арсылдаган иттер.

– Кокуй, кармагыла тетиги баланы! Деги дени-карды сообу?

–Карма, алдынан торой чурка! – дешип, кыйкырык салышкан ага журт андан көп. Акыры кимдир–бирөө туурадан чуркап келип баланы баса жыгылды. Кийин сураса айылдагы Байсерке  деген Буйлаштын алысыраак жээни экен. Арстанбек сүйүнгөнүнөн бет алды чуркап кете бериптир. Эгер Байсерке шамдагайлык кылып астын торой чыкпаганда жарга-сууга  деле кирип кетмекпи ким билет…

Арстан ошентип таасын күү, таалим күү черте турган чыныгы комузга биринчи жолу жетти. Көрсө, моңолдор уруусунан чыккан Айтымбет деген жыгачтан топчу түйгөн кыл уста Буйлаш бийдин  салбар баласы өнөрлүү чыкканын кулагы чалып, атайын комуз чаап, бийге тартуу этет. Болсо–болбосо комуз ырчы чыккан уулунун колуна тийет го деген ой менен Айтымбет комузду  ырчы балага эмес, бийдин өз колуна тапшырат. Айткандай эле Буйлаш эшик-төрүнө келген устага ыраазычылыгын айтып,  мен  өмүрүмдө комуз кармап, күү чертип көрбөсөм, бул комуз мага эмес, Арстанбекке керек го деп, баланы чакыртканы ошол себептен экен.

Өмүрүндө анчалык эч качан кубанган эместир бала. Ошондон баштап комузун басса–турса колунан түшүрбөй, жатса да, турса да жанына кошо алып журдү. Уктаса койнуна алып жатты. Тез эле жоон топ күүнү  кандай укса кудум ошондой кылып эч бир адашпай чертип үйрөндү. Акындыгы андан бетер ташкындады.  Кокус бирөө анын акындыгын  сынамакка “турдуңбу” деген сөздү айтса, далайга чейин “курдуңбу”, “бурдуңбу”, “сундуңбу”, “тундуңбу” жана башка  деп жамак кылып жамап, тапкычтыгын,  дааналыгын, көкө теңир ыроологон таасын талантын көрсөттү.

Ошол арча комуз колуна тийип, кыялында эмес, өңүндө делөөрүп жүргөн убагында бала ырчынын түшүнө көкө теңири аян берди… Болгондо да короо четинде, ай караңгы түндө. Арстанбектин түшүн биринчи уккан Борош эрте менен эле:

– Түшүң түш келсин! Алдыңа киши салбаган ак таңдай акын болот экенсин, элди–журтту баштаган эрен болот экенсиң, жумурай журт оозуңу караган кеменгер болот экенсин, Арстанбайым, – деп жоруп таштады. Бирок ошол эле Борош “кой, эртерээк атаңа бар да, түшүңдү жорут, анткени ал сенин атаң. Канткен менен эл башы, журт башы киши, бий наамы бар. Барсаң күн шашке болгонго чейин жетип бар. Түш жоругандын шарты ошондой болот, түштү өз көлөкөңдү өзүң  көргөндөн кийин жорубайт, –  деп кеңешин берди.

Арстанбек Борош айткандай атасынын өргөсүнө эртелеп барды. Кудум атасы чай үстүндө отурганда баш бакты.

– Ата, түндө жатып түш көрдүм, ошону сизге айтайын деп атайын келдим, жоруп бериңиз, – деди бала  толкундагандан кызарып, татарып. Кудайга шүгүр, атасы адатынча ал–жайды  эмес, адегенде малдын туягын сураган адатын эмнегедир унутуп, уулунун түшүн какпай–силкпей  кулак салып укту.

– Ии, айт түшүңдү, эмне түш экен? – деди Буйлаш бий кадимкидей бой тартып калган уулу Арстанбекке ормое
карап.

– Түшүмдө кош өркөчү баладай болгон ак төө минип,  аппак төө чепкен жамынып, аппак дөңдө ак комуз менен оңду-солду тегерете карап тынбай ыр ырдап атыпмын, арасында улам–улам күү чертип турган экемин. Ырдаганымды жамы казак менен кыргыз жабыла угуп, эргип да, элөөрүп да турупмун. Жоруп бериңиз, ата, – деди Арстанбек.

Уулунун чоң кишидей олуттуу сүйлөп, кептен-сөздөн жаңылбай тыкылдап, ар бир сөзүн дааналап айтканына ичинен таң калган Буйлаш, кантсе да түш жоруунун салтын сактап, баланын түшүн нарк-санат менен жакшыга жоруп берди.

– Ии, түшүң туш келсин, жакшы түш көрүпсүң, буюрса ыкыбалдуу ырчы, элге-журтка, ошо казак менен кыргызга текши таанымал өнөрпоз болот экенсиң, – деп бала ырчыны жолго салды. Бирок дале болсо баягы өз баласын качан болсо кемсинткен адатын карматып:

– Жамандын түшү да башкача, түш көрдүм деп тимеле… Таң атпай жетип келген тура жарылдап. Ырчы болуп эле ким тоону томкоруп ийиптир, көп болсо койчуларга эрмек этип, катын-кыздарга жамак айтаарсың, – деп жактырбагандай кобурады көнгөн адатынан жазбаган кара мүртөз Буйлаш.

Арстанбек болсо атасы анын түшүн жоруп, жоруганда да жакшылыкка жоруганына  тим эле астына ат тартып, үстүнө тон жапкандай сүйүнүп келди.

Ошондон баштап бала ырчы оозун ачса жүрөгү көрүнгөн чечен, суу төгүлбөс жоргодой эч бир жүрүшүнөн жазбай сайраган ак таңдай акын болуп чыга келди. Жыгачтан топчу түйгөн устанын колунан чыккан, бийдин купулуна толоор бекен деп  кынаптап чапкан арча комуз колуна тийгенден кийин Арстанбектин арайы андан бетер ачылып, оозунан ыры төгүлүп, комузунун сайраганы уккандын кулагын сүйүнттү. Нечен ыр, күүлөрдү чыгарды, көзүнө эмне кызыктуу нерсе урунса же нарк санаттуу  кеп укса, ошонун баарын ыр кылып кынаптап, санат кылып сайрап берди.

Ошол арада күтүлбөгөн бир кабар тынч отурган элди бир топ дүрбөлөңгө салса  болобу.

Ашуулардан кар кетип, төрт түлүк мал жайлоого тараган кез эле. Анжияндык кыргыздардан чабарман келиптир, эки Кеминдин ичиндеги, көлдүн тегерегиндеги эл башыларына чакырык келиптир деген сөз тарады.

(Уландысы бар)

Осмонакун ИБРАИМОВ

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар