АКШ жана Израиль Иран аймагына сокку урууну улантууда. АКШ президенти Дональд Трамп бул операцияны жогору баалап, Ирандын куралдуу күчтөрү «толук жок кылынганын» билдирди. Анын айтымында, жаңжал жакын арада аяктайт.
Трамп бул тууралуу Дорал шаарында (Флорида) өткөн басма сөз жыйынында айтты.
«Биз аларды абдан тез жеңип жатабыз, баштапкы пландан да ылдамыраак баратабыз», — деди ал.
АКШ президенти ошондой эле Ормуз кысыгы коопсуз бойдон каларын белгилеп, ал жакта АКШнын көптөгөн аскердик кемелери турганын кошумчалады.
Ошол эле учурда израилдик ЖМКлар өлкөнүн борбордук бөлүгүнө ракета соккусу жасалып, бир адам каза болуп, дагы эки адам оор жаракат алганын кабарлашты. Haaretz гезити курман болгон адам Кытайдан келген чет элдик жумушчу экенин жазды.
Мындан тышкары, Түркиянын Коргоо министрлиги НАТОнун абадан коргонуу күчтөрү Иран тарабынан учурулган баллистикалык ракетаны кармап калганын маалымдады. Ракетанын сыныктары Түркиянын түштүк аймагындагы бош жерге түшүп, жабыркагандар болгон жок.
Министрлик билдирүүсүндө Түркиянын аймагына жана аба мейкиндигине болгон коркунучтарга каршы чечкиндүү чаралар көрүлөрү белгиленди.
Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи Иран Түркияга ракета сокку урду деген маалыматты четке какты.