Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАзербайджан Иранга гумжардам жөнөттү

Азербайджан Иранга гумжардам жөнөттү

Азербайджан Иранга болжол менен 25 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 8-мартта Ильхам Алиев менен Масуд Пезешкиан ортосунда болгон телефон сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган.

Гуманитардык жардамдын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • 10 тонна ун
  • 6 тонна күрүч
  • 2,4 тонна кант
  • 4 тоннадан ашык ичүүчү суу
  • 600 килограммга жакын чай
  • болжол менен 2 тонна дары-дармек жана медициналык каражаттар

Белгилей кетсек, 5-мартта дрондор Нахичевань аймагындагы аэропортко жана мектептин жанындагы районго сокку урган. Натыйжада төрт адам жаракат алган. Азербайджандын бийлиги бул окуя үчүн Иранды айыптап, президент Ильхам Алиев аны террордук акт деп атаган. Бирок Иран бул окуяга тиешеси жок экенин билдирген.

Окуядан кийин азербайжан-иран чек арасында жүк ташуучу унаалардын кыймылы токтоп калган. Маалыматка караганда, жүк ташууларды 10-мартта кайра жандандыруу пландалууда.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар