Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыСтамбулдун мурунку мэри 1 жыл 8 айга соттолду

Стамбулдун мурунку мэри 1 жыл 8 айга соттолду

Түркиянын Стамбул шаарынын мурдагы мэри жана президент Режеп Тайып Эрдогандын башкы атаандашы Экрем Имамоглу 1 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу CNN Türk кабарлады.

Сот аны «кызматтык милдетин аткарып жаткан чиновниктин ар-намысына шек келтирген» жана «коркутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Буга Имамоглунун башкы прокурор Акин Гюрлектин калыстыгына шек келтирген билдирүүсү себеп болгон.

Ошол эле учурда мэр «терроризмге каршы күрөшкөн адамдарды куугунтуктаган» деген айыптан акталды.

19-март күнү эртең менен полиция Имамоглунун үйүн тинтип, аны камакка алган. Ошол эле күнү анын жакын санаалаштары — Стамбулдун райондук башчылары да кармалды. Оппозиционер бардык айыптоолорду четке кагып, мунун баарын «саясий куугунтук» деп атады.

Бул окуялар оппозициячыл РНПдагы алдын ала президенттик жарыштардын алдында болду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар