whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек

Тоолор жана кыргыздар

Алкынтып азоо минип, күрткү жиреп,
Аска-зоо бийиктерди аштым эле.
Тоолордун мөңгү жаткан чокусуна,
Тоолук – деп өз атымды жаздым эле…

Кыргыз элин жоготпой, коротпой башка элди жолотпой чек арага чеп болуп, сактаган, баккан тоолор. Ушул тоолорду кылымдардан бери мекендеп жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо кылып жашап келгендиктен биз өзүнчө Союздук Республика болдук. Ал үчүн СССРдин конституциясы боюнча чек арада жашаш керек болчу. Ошентип, союз кулаганда тоолор бизге эгемендүүлүктү алып келди. Тоолор менен кыргыз киндиктеш, тоолордо толгон сырлар, кубулуштар: көркү менен касиети, сырдуулугу менен кооздуулугу, каардуулугу менен салабаттуулугу, бийиктиги менен туруктуулугу, арасында жайлаган ар кандай жаныбарлары, аска зоолору, төрүндөгү мөңгүлөрү, карагай-черлери, бадал-шактары, түркүн өсүмдүктөрү, дары-чөптөрү, асыл-таштары, катып жаткан кендери, тоолор кыргыздын көрөөр көзү, ичээр суусу, ырыскысы, сыймыгы, улуу туусу, түгөнгүс байлыгы! Тоолор кыргыздын түндүгүнүн түркүгү!

Мен ушул жерде сөзүм кургак болбош үчүн 1924-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекетинин башаты болгон Кыргыз автономиялуу облусу жаңыдан түзүлгөндө “Эркин Тоо” гезитин уюштуруучуларынын башында турган, улуу агартуучу Ишенаалы Арабаев атабыздын “Эркин Тоо” газетасынын биринчи номеринин биринчи бетине басылып чыккан баш макаласын келтиргим келди:

“Мына эми өзүнчө облус болуп, эңсеп жүргөн Ала Тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш Өкмөтү кыргыздарды жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп бул гезитти чыгарып отурат. Бул гезиттин атын көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган эркиндик менен тоону кошуп “Эркин Тоо” деп койдук…

Саргая сагынып, кан какшаган тооң эми эркиндик менен кошо колуңа тийди… Ала Тооң үчүн, эркиндик үчүн күрөштө төгүлгөн каның, сайылган башың, элдери кул, катындары тул болгон кыргыздын эңсеген эркин тоосу ушул. Эми муну бек карма кыргыз, бек карма…”

Улуу адамдын ушул накыл ойлуу сөзү бүгүн да ар бир кыргыздын кулагына угулуп, жүрөгүндө сакталып турса… Тоолордун өзүнүн мыйзамы, башка жерде кездешпеген табигый сахнасы, театры, оркестри бар. Так төбөңдө колуң менен кармап алчудай, жакындыкта ак булуттардын бирде үзүлүп, бирде биригип ары-бери үркүп, оргуштап ойногону, күндүн бир паста карарып, түнөрүп, алай-дүлөй болуп, жер жүзүн дүңгүрөтүп, күн бүркөлгөндө дүңкүйүп сүрдүүлүгү, теребелди ойготуп, чагылгандын чарт-чурт эткени, ээ-жаа бербей, шатыра-шатман төккөн жамгыры, алда кайдан угулган аскалардын жаңырыгы, мөңгүлөрдүн күн нуруна чагылышып, алмаздай, янтардай кубулушу, дарыялардын жалтыраган таштан-ташка урунуп, жанчылып, ак көбүк чачып, шаркыраган добушу, булактардын шылдыраган кулакка жагымдуу музыкасы, жан-жаныбарлардын ыры, хору, карышкырлардын улуганы, эликтин бакырганы, жапайы эчкинин чайкылдаганы, таң агарганда аркарлар оттоого козуларын ээрчитип, кумайга чыгып бирин-бири издеп маараганы, кулжалар менен тоо текелер, өзүлөрүнчө үйүр-үйүр болуп бөлүнүп алышып, таң калыштуу бийлешип, карс-курс сүзүшкөнү, жапайы чочколордун коркулдаганы, бугулардын чалчыкка оонап, денесин сергитип, өңгүрөгөнү, илбирстин тээ алыста аска ташты аралап, куйругун кээде ийрип, кээде чубалжытып, айлананы аяр карап жүргөнү, кашкулактын кулакты жапырып жойлогону, түлкүнүн суналып, коендун секирип качканы, бүркүттүн шаңшыганы, улардын сыбызгы үнү, таз жорулардын тарп издеп, канатын калдайтып уйгу-туйгу чабыттаганы, суурлардын аңкуштаганы, кузгундардын куркулдаганы, карганын каркылдаганы, сагызгандын шакылдаганы, ар түркүн чымчыктардын ойкуп- кайкып учуп чыйпылдаганы, калдыркандын канатынын дирилдегени, курт- кумурскалардын жандалбастап иретсиз ары-бери жөргөлөгөнү, карагай-кайыңдын, шактардын шуулдаганы, гүлдөрдүн көзүңдүн жоосун алып, күлүмсүрөп ыргалганы, арчалардын атыр жыты, деги койчу, көрүп бүткүс, айтууга сөз жеткис, өмүрүңдө эсте калчу, жашооңдо эч бир кайталангыс кубулуштар, сыйкырдуу добуштар.

Кыргыздын тоолорун убактым жетишинче арттым. Мен ашкан, баскан, конуп-түнөп жаткан тоолор Аксайдын чыгыш тарабы, Кында, Жылдыз Көл, Көбүргөнтүнүн Бели, Кичи, Чоң Үзөңгү Кууш, Акаев Кытайга өткөрүп жиберген Чычаардын Үстү, басмачылар туруктаган Сүйүндүк-Турсундун Ак Зоосу, Беделдин Бели, Жети-Өгүздүн Сырттары, Ат-Башы суусунун башы, Жаңы Жер Улан, Ажыдаар Уюк, Аюлуу Төр, Келин Тайгак, Кара Чуңкур, Көлдүн Сөөк Ашуусу, Аксайдын ичи: Үч Суунун куюшу, Эшек артты, Көлдүн Тетириси, Кызыл Тар, Кара Тар Кашкаал дарыясынын башталышы, Сары Иймек. Арпа жагы: Сөөк ашуусу, Алайкуу жагы да Сөөк аталып “Сидорово, Сагындык заставалары болуп кетет”. Ак Талаанын: Бычан, Көбүргөнтү, Чыты тоолорун ашып, Өзгөндүн: Байбиче, Кара Шоросуна, Үйрүм башынан Сузакка түшкөм. Нарын суусунун эки айрыгы: Кичи Нарын, Чоң Нарындын баштары, Сары Күңгөй, Шиш Чоку, Калмак Ашуу, Кара Каман Балгарт, Арчалуу, Тоңдун Жылуу Суусу, Туура Суу, Молдо Тоо, Жетим Тоо, Кашка Суу, Көлдүн Күңгөйү, Көк Ойрок жайлоосунун төрү, Челек капчыгайы, Көлдүн башында: Түргөн капчыгайы аркылуу Чоң Ашуу, Сары Жаз, Эңилчек, Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Пача Ата (Падыша Ата)  аркылуу Таластын Кара Буурасын ашкам. 1975-жылы Токтогулдун эски Үч-Терек району менен Тогуз Торонун ортосунда жолу өтө бийик, татаал Кан Ачуу деген кайыңдарынын жоондугу боз үйдөй, ар кандай жырткыч жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө бай, капчыгайына баратып, жолдон шашылыш республикага чогулушка чакырылып кайра тартканбыз. Эмдигиче өкүнөм.

Андан кийин, ал жакка ашууну билген кишини таппадым. 70 жашымда 2011-жылы эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата Кыргызстандын бардык аймагынан кырк чоронун жигиттерин чогултуп, Ак Куланын изи менен деп, ат менен Манастын күмбөзүнөн аттанып, Каракол дарыясын бойлоп, Талас-тын Үч Кумбел, Чүйдүн Ашпара тоолорун ашып, тынбай күнү-түнү 1 сутка жүрүп, Сары Өзөнгө түшүп, Сокулукта бир күн өргүп эртеси Борбордук аянтта Манастын Көк Асаба туусун баш кылып, майрамдык параддан атчандарды баштап өткөнмүн. Чүйдүн мен барбаган тоолору жок. Кыргыз жеринин 97 пайызын тоолор түзөт. Ошонун баарын кыдырышка бир өмүр аздык кылат көрүнөт.

Кыргыздын жигиттерине, айрыкча бийликте, саясатта жүргөндөрүнө кайрылаар элем: силер чет өлкөлөргө барганда мен ак мөңгүлүү Ала Тоолук кыргызмын деп көкүрөгүңөрдү чабасыңар. Эгер, сен Ала Тоонун мөңгүсүн бутуң менен басып, колуң менен кармап ооз чайкабасаң, акактай тунук дарыясында жүзүңдү жууп, керек болсо чабак уруп, боюңду сергитпесен, оргуштаган булагынан кере жутпасаң, жан-жаныбарларга көз чаптырып, кумарың кандырбасаң, дары чөптөрүн жыттап, гүлдөрүнө оонабасаң, карагай черин аралап жапайы мөмөсүнөн үзүп ооз тийбесең, аңкыган жан жыргаткан абасынан дем албасаң, улардын сыбызгы үнүн, бүркүттүн шаңшыганын укпасаң тоолукмун дешке болобу? Чыныгы кыргыз тукуму экениңди тоого чыкканда гана сезесиң!

Дүйнөнүн төбөсүндө тургандай жүрөгүң толкуйт, көңүлүң көтөрүлөт, делебең козголуп, денеңде эргүү пайда болот, бүркүт болуп учкуң келет.

Жигиттик, улуттук сезимиң ойгонот. Ата бабаңды эстейсиң, мен кыргызмын деп кыйкыргың келет. Эзелтен кыргыз эс алгысы келсе тоо тарапка гана ыктайт. Муну Ата бабанын чакырыгы же орусча “зов предков” деп коет. Эки күн улуу тоолордо болгонуң балким, өмүр бою эсиңде калат. Сен канчалык бийлигиң бийик, пулуң мол болсун, чоң шаарларда көп кабаттуу үйлөрдүн арасында кичинекей бир чымынсың. Андай бийик жайлар адамдын колу менен курулган. Ал эми, касиеттүү, таң калыштуу тоолор жаратылыштын, табияттын буйругу менен пайда болгон.

Тоолор кыргызымдын жаны, малы көбөйсө, байыса менин койнумдагы жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө, мөңгүлөргө, дарыяларга, булактарга, эбегейсиз байлыктарга аяр мамиле кылса деп ыйыгыбыз, уюгубуз катары ажайып тилеп турат. Биз тоолорубузду сүйсөк – Мекенди сүйгөндөй, коргосок – Мекенди коргогондой болобуз. Тоолордун таазимин, түмөн ички сырын, таасирин алиге толук эч ким ача элек. Үстүртөн гана окумуштуулар изилдемиш, жазуучулар жазымыш, сүрөтчүлөр тартымыш болобуз.

Такалуу ат минип, жакалуу тон кийип, байыркынын изи менен бабалардын духу менен деп ашуу ашып, мөңгү басып, арча жыттап, агын суунун жээгине уктап, чериңди жазып, денеңди чыйралтып, күч кубатың барында Ала Тооңду аралап, анан мен тоолук кыргызмын деп оозуңду толтуруп айткандай болгула жигиттер!

Дагы бир жолу айткым келет, сен Ата-бабаң баскан, суктанган, таң калган, ырахаттанган, кумарланган, эңсеген, сүйгөн, алардын изи, жыты калган, бийик дагы, ыйык дагы, заңкайып, ак мөңгүдөн ак калпак кийген, асман тиреп турган Ала Тооңду, убакыт таап, аны аралап, атуулдук милдетиңди аткарып, аны менен учурашып, акыл чайкап сырдашып, кубат алып турбасаң сен кыргыз эмессиң. Менден көп киши сурайт: Сиздин жаш кезиңизде ар кандай эс алуулар жана өзүңүздү жакшы сезген учурлар көп болгондур. Эми ардактуу эс алуу учурунда сизде кандай ырахаттануулар болот? – деп.

Биринчиден, үй-бүлө, бала-бакыра ар бир кишинин таянар тоосу, сырдашаары, жардамдашаары, жөлөк-таягы болуп эсептелет. Ошол үй-бүлөдө небере-чөбүрөлөр менен чогуу болуп ар кандай жакшы той тамаша жөрөлгөлөрдү өткөрүш, алардын ийгилигине күбө болуш бул айтып бүткүс кубаныч, ырахаттын жеткен чеги.

Экинчиден, ден-соолугум барда, табият менен таттуу мамиле жасаш үчүн жыл сайын жайдын толук кезинде омоктуу жорго минип, жолго чыгып, талаа кезип, бел ашып, дайра кечип, эл барбаган, мал барбаган улуу тоолордун кыр чокусуна чыгып, атты каңтара байлап, Арчалуу Кызыл Таштын үстүнө отуруп, алды жактагы теребелге турнабай салып отурганда мен өзүмдү бүгүнкү күндүн атагы чыккан тирүү падышалардан, дүйнөнү дүңгүрөткөн байлардан да бактылуу сезем. Тирүүлүктүн жеткен дагы бир эң бийик ырахаты деп эсептейм. Болгону менин жанымда өйдө-ылдыйда эч качан ара жолдо калтырбай турган, канжыгалуу, карылуу төрт буту такалануу атым, мээлегенде жаза тийбеген сырдана мылтыгым, ийилбеген, сынбаган, мокобогон, келишкен кындуу шамшар бычагым, табылгы саптуу, салмактуу үч өрмө камчым болсо болду, калганы эрдин азыгы жолунда дегендей мен ошол табияттын бир кичинекей бөлүгү катары кумарым кангыча жарым жапайы болуп, жан-жаныбарына, жамгырына, арчасына, мөлтүр тунук суусуна, ташына, ар түркүн кубулушуна аралашып сиңип кетем.

Жашооңдо жаратылыштын ырахатын, анын кеңдигин, улуулугун, пайдалуулугун боюңа сиңирип, табияттын акылдуу бир бөлүгү болгонуңа кубанып, тоолор сенин уңгуң, пириң экенине чын дилиң менен ишенип, аман-эсен дагы келээр бекемин деп тиленип, үмүттөнүп, ошол күндөгү тирүүлүгүңө миң мертебе ыраазы болосуң!

Ошентип, жаратылышты дайыма эңсеп, “ооруган да, андан кайра күч кубат алып айыккан да” кишимин. Табият менен таттуу болгула кыргыздар, демекчимин!

Кемел АШЫРАЛИЕВ, коомдук, мамлекеттик ишмер

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар