Кечээ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия уюштурган Ономастика боюнча комиссиянын биринчи жыйыны олуттуу проблемаларды ачыктады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Мамкартография” геодезия жана картография мекемесинин сунушу боюнча Кыргызстандагы азыркы учурдагы колдонуудагы географиялык аталыштардын тизмеги талкууланды. “Мамкартография” геодезия жана картография мекемеси түзүп чыккан тизмеги менен таанышкан окумуштуулар, совет доорунда географиялык аталыштар ашкере бурмаланганына, тарыхый топонимдер туташ жок кылынып, орусча, өзбекче, казакча, перс ал тургай кайсы тилге таандык экенин аныктоого мүмкүн эмес сөздөр менен аталып, Кыргыз ССРинин карталарына түшүрүлүп, эмгиче ошондой аталыштардан кутула электиги оркоюп чыкты.
Жыйынга катышкан илимпоздорду жумшак айтканда кооптондуруп, абдан бүшүркөттү, санаага салды. Топонимдер суверенитеттин маселеси, аталыштардын өзгөрүшү ар бир учурда кимдир бирөөгө каршы эмес экендигин талыкпай түшүндүрүү талап кылынат. Тарыхый топонимдерди кайра калыбына келтирүү процесси менен байланыштырылып, кадыресе көрүнүш катары маалымдалуусу абзел. Ар бир топоним, ыйгарылган ысым, калыбына келген тарыхый аталыш коомдук, маданий, саясий, укуктук зарылчылыктар менен негизделүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамына ылайык, жер-суу аттары улуттук энчи болгондуктан, аны бурмалап жазып, ар ким каалагандай атоого, атын өзгөртүүгө, кыргыз тилинин эрежелерин бузуу менен жазууга жол
берилбейт.
Жер-суу аттарын картага түшүрүүдө географиялык объектилердин аталыштарын тактоо, иретке келтирүү боюнча комплекстүү иш жүргүзүү зарылдыгы жыйынга катышкан окумуштуулар, адисттер тарабынан бир ооздон баса белгиленди.
Жер-суу аттарынын укуктук кудурети, менталдык таасири, тарбиялык ролу, гносеологиялык мааниси бар. Ар бир жердин, айылдын, конуштун, тоонун, суунун, кечмеликтин, өтөктүн, кокту-колоттун, чаптын, беттин, талаа-түздүн, кыскасы баарынын аты бар. Топонимдерди илимий негизде тактап, тарыхый аттарын кайтарып, улуттук кызыкчылыктарга ылайык кайра карап чыгуу сунушталды. Жыйындын соңунда Ономастика боюнча топко мүчө окумуштуулар жана адистер Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга талкууланган маселени Министрлер Кабинетине маалымдап, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тууралуу кайрылууну сунушташты.