Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда унаа ээлерине айнектерин бир жыл бекер караңгылатуу сунушталууда

Кыргызстанда унаа ээлерине айнектерин бир жыл бекер караңгылатуу сунушталууда

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү акциясы башталганын билдирди.

Акция 2025-жылдын 1-июнунан 1-августуна чейин уланат. Бул аралыкта автоунаа ээлери 1000 эсептик көрсөткүчтү (100 000 сомго барабар) бир жолку төлөмдүн негизинде үч жылдык мөөнөткө уруксат ала алышат.

Ведомство кошумчалагандай, бул демилге унаа ээлери үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга жана транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, акциядан тышкары тонировка үчүн уруксат жылына 50 миң сом турат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар