Өзбекстандын Самарканд шаарында наркокоопсуздукка каршы күрөшүүгө арналган ири эл аралык форум башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстан 2027–2029-жылдар аралыгына БУУнун Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттиги боюнча комиссиясына мүчө болуп шайланганы белгиленди. Бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана эл аралык аброюнун өсүшүнүн көрсөткүчү катары бааланууда.
Форумга Кыргызстандан да делегация катышууда.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан глобалдык коопсуздук маселелеринде активдүү позицияны карманып, жаңы демилгелерди сунуштап жатат. Алардын бири — наркотрафикти, кооптуу жүктөрдү жана трансулуттук кылмыштуулукту ыкчам көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген жасалма интеллектке негизделген бирдиктүү платформаны түзүү.
Шавкат Мирзиёевдин форум катышуучуларына кайрылуусун анын администрация башчысы Саида Мирзиёева окуп берди. Анын айтымында, иш-чарага 50дөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрү, ошондой эле БУУ, Интерпол, Европа Биримдиги жана Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын делегациялары катышууда.
Бул форум наркокоопсуздукка каршы күрөшүүдө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана глобалдык коопсуздукту камсыздоо багытындагы маанилүү аянтча болуп саналат.
