Трамп Иран менен ок атышпоону белгисиз мөөнөткө узартты

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн ок атышпоонун мөөнөтүн узартканын билдирди. Маалыматка ылайык, келишим мурда белгиленген мөөнөт менен чектелбейт. Трамптын айтымында, ок атышпоо режими Иран тарап бирдиктүү сунуш даярдап, сүйлөшүүлөр жыйынтыкталганга чейин күчүндө болот.

Ошол эле учурда АКШ аскерлерине Иранга карата деңиз блокадасын улантуу тапшырмасы берилген. Ак үй билдиргендей, АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Пакистанга пландалган сапарын кийинкиге жылдырды. Ал жакта Иран менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өтмөк.

Трамптын маалыматына караганда, Шахбаз Шариф жана армия башчысы Асим Мунир АКШны Иранга сокку урбоого чакырышкан. Пакистан тарап ок атышпоонун сакталышына жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө үмүт артарын билдирди.

Бирок Ирандын Tasnim News Agency агенттиги Тегеран ок атышпоону узартууну суранбаганын маалымдады.

Ошондой эле кырдаалды курчуткан жагдайлардын бири — Ирандын желеги алдында жүргөн “Туска” кемесинин кармалышы болду. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, анын бортунда аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон жүктөр болушу ыктымал.

Эксперттер белгилегендей, азырынча ок атышпоо режими сакталганына карабастан, тараптардын ортосундагы ишеним деңгээли төмөн бойдон калууда. Бул болсо сүйлөшүүлөрдүн келечеги белгисиз экенин көрсөтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз