Мамлекеттик сыйлыктар кыскарылды. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

0
3091

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 19-мартында кабыл алынган.

Документтин негизги максаты — жарандардын мамлекет жана коом алдындагы эмгегин моралдык жактан баалоону чагылдырган заманбап жана иреттүү сыйлык системасын түзүү.

Мыйзамга ылайык:

  • мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана сый акылардын системасы оптималдаштырылып, 46 түрдүн ордуна 22 түрү калтырылды;
  • жаңы сыйлыктар киргизилди, алардын ичинде:
    • «Эрдик» ордени (даражасыз);
    • «Ардак» медалы;
    • «Кыргыз Республикасынын жаратманы» ардак наамы;
    • «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамы;

Ошол эле учурда бир катар салттуу наамдар сакталды, анын ичинде:

  • «Кыргыз Республикасынын эл мугалими»;
  • «Кыргыз Республикасынын эл врачы»;
  • «Кыргыз Республикасынын эл артисти»;
  • «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу»;
  • «Кыргыз Республикасынын эл акыны»;
  • «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү».

Мыйзам менен айрым мурдагы сыйлыктар жана наамдар жоюлду. Алардын катарына «Ата Мекен Баатыры» артыкчылык даражасы, «Данакер» ордени жана бир катар медалдар кирет.

Ошондой эле документте:

  • сыйлыктардын укуктук статусу;
  • аларга көрсөтүүнүн жана ыйгаруунун тартиби;
  • сыйлыкка татыктуу адамдардын укук-милдеттери;
  • социалдык кепилдиктерди аныктоо маселелери так жазылган.

Жаңы мыйзам мамлекеттик сыйлык берүү системасын иретке келтирип, анын ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз