Башкы беткеМинистрлер кабинетиКамчыбектин үйүн музейге айлантуу керек! Мамлекеттик катчынын демилгеси

Камчыбектин үйүн музейге айлантуу керек! Мамлекеттик катчынын демилгеси

Арслан Койчиев белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбектин Ош шаарындагы үйүн музейге айландыруу демилгесин көтөрдү.

“Ош шаарынын чок ортосунда СИЗО жайгашкан эски имарат бар. Тарыхый имарат. Алымбек датканын уулу Камчыбек 1890-жылдардын башында кербен сарай катары салдырган. Тагдырдын оюнун караңыз, оторчулар имаратты түрмөгө айлантып, Камчыбек өзү дал ушул жерде түрмөдө отурган. Ал жөнүндө түрдүү аңыздар айтылып келет.

Кудай жалгап, СИЗО башка жакка көчүрүлгөнү жатат. Ош менен Баткенди кыдыруу маалында Ош калаасынын мэри Жанарбек Акаев менен жолугуп, Камчыбектин үйүн тарыхый эстелик катары сактап, музейге айлантуу идеясын сунуштадык. Камчыбектин үйүн музейге айландыруу Ошту өнүктүрүү боюнча чоң пландарга бап келет экен. Буюрса!”, — деди Мамлекеттик катчы.

Эске салсак, Алымбек уулу Камчыбек 1895-жылы 2-мартта жалган жалаа менен мамлекеттик кылмышкер катары Ош шаарындагы башкы аянтта өлүм жазасына тартылган.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар