Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында “Коопсуздук-2026” аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди.
Машыгуулар Каракол шаарынан тышкары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван жана Өзгөн райондорунда да өтүүдө.
Ачылыш аземинде Тариэл Отонбаев бул машыгуу аскердик башкаруу органдарын жана аймактык коргонуу системасын даярдоодо туруктуу практика болуп калганын белгиледи. Ал жергиликтүү мамлекеттик органдардын активдүү катышуусу жалпы иштин натыйжалуулугун арттырарын кошумчалады.
Машыгуунун алкагында айрым аймактарда шарттуу түрдө аскердик абал киргизилип, аны камсыз кылуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгууда. Ошондой эле аймактык коргонууну уюштуруу, куралдуу кагылышууларды локалдаштыруу жана мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операциялар машыкталууда.
Окууга Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынан тышкары Ысык-Көл жана Ош облустарынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Саламаттык сактоо министрлиги өкүлдөрү, ошондой эле резервдик түзүмдөр катышууда.
Машыгуу учурунда стратегиялык объекттерди коргоо, блок-бекеттерди уюштуруу жана резервдик күчтөрдү чакыруу боюнча практикалык иш-чаралар да өткөрүлөт.
“Коопсуздук-2026” машыгуусу 23-апрелде жыйынтыкталат.
