Башкы беткеМаанилүүМай майрамдарында калкты тейлөө борборлору эс алуусуз иштейт

Май майрамдарында калкты тейлөө борборлору эс алуусуз иштейт

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борборлору май майрам күндөрүндө да кадимки тартипте ишин улантат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 10-майына чейин, майрам жана дем алыш күндөрүн кошкондо, борборлор күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

Мындай иш тартиби калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн киргизилгени белгиленди.

Жарандарга барууну пландаштырганда белгиленген графикти эске алуу жана мүмкүнчүлүк болсо онлайн кызматтарды пайдалануу сунушталат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар