Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан регионалдык экологиялык саммитке катышууда. “EXPO” эл аралык көргөзмө борборунда мамлекет башчысын Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Андан соң саммитке катышкан өлкө лидерлери биргелешкен сүрөткө түшүштү.
Иш-чарага ошондой эле Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов, Ухнаагийн Хурэлсух, Михаил Кавелашвили жана Али Асадов катышты.
Саммиттин алкагында мамлекет башчылары Жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышышты. Көргөзмөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштады. Кыргызстандын павильонунда ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлгөн күн панелдери, жер семирткичтер, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөр жана башка инновациялык продукциялар көрсөтүлдү.
Көргөзмөдөн кийин делегация башчылары Конгресс-борборго өтүп, саммиттин пленардык жыйынына катышты.
Белгиленгендей, регионалдык экологиялык саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүү боюнча бирдиктүү көз карашын калыптандырууга жана экологиялык саясатты Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта координациялоого багытталган.
Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, эксперттик панелдер жана жашыл технологияларга арналган эл аралык көргөзмө өткөрүлүүдө.
