«Нан болсо ыр да болот» демекчи, акыркы жылдары кыргызстандыктардын азык-түлүгүнүн дээрлик 70 пайызы коңшу өлкөлөрдөн капчыгыбызга жараша баада келген үчүн азырынча ырыбыз ырдалып, аш-тоюбуз да көп. Ошол себептен да 1 млн. 279 миң гектар айдоо аянтыбызды максаттуу пайдаланбай, жайкалган эгин өсчү жерлерибизге там салып алдык. Анын ичинде Бишкекти айланта 57 жаңы конуш түштү. Ошону менен жүздөгөн гектар дан, жер-жемиш, түрдүү айыл чарба азыктарын берип келген жерлерибизге эч ойлонбой курулуштарды куруп жатабыз. Айыл, райондордо деле таштактуу, иштетүүгө жараксыз жерлерди үй курууга бербей, суу баскан айдоо аянттарын жер участокторуна бөлүштүрүп берген учурлар көп. Дүйнөлүк геосаят олку-солку болуп, климат өзгөрүп, калкыбыздын саны жылдан жылга өсүп келе жатканын эске алсак, мындай алешемдик бир мезгилде элди кооптуу жагдайга алып келбесине эч ким кепилдик бере албайт.
Айдоо жерибиздин аянты канча?
Улуттук статистикалык комитеттин 2024-жылкы маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын территориясынын жалпы аянты 199.9 миң чарчы километр болсо, анын 33,7 пайызы айыл чарба багытындагы, 41,2 пайызы запастагы, 12,7 пайызы токой фондундагы жерлер. Айыл чарба багытындагы 10,6 млн. гектар жердин 85 пайызы жайыт, 12 пайызы айдоо, 2 пайызы чабынды, 1 пайызы башка багыттагы жерлер. Ал эми 1 279 360 гектар айдоо аянтыбыз Кыргызстандын территориясынын (199.9 миң чарчы километр – 19 млн. 994 миң гектар болот) 6,4 пайызын гана түзөт. А жалпы айдоо аянттын 794,8 миң гектары сугат, 492,2 гектары кайрак жер. Айыл чарба продукциясынын 90 пайызын камсыз кылган сугат жерлердин түшүмдүүлүгү сугатка көз каранды жана ал жерлер өлкөбүздүн стратегиялык жаратылыш ресурстары болуп эсептелет.
Ага карабай эгемендүүлүк алган жылдардан тарта жүздөгөн, миңдеген гектар айыл чарба багытындагы сугат жана кайрак жерлерибизди курулуш багытына трансформациялап жибердик. Ошол себептен азыр 1 279 360 гектар айдоо аянтыбыздын канчасы калганын так эч ким айта албайт.
Айыл, суу чарба министрлиги ушул кезге чейин 35 жылда канча гектар айдоо аянты трансформацияланганы, канча гектары иштетилбей турганы жана канча гектары түшүм бербей калганы боюнча анализ жүргүзүп, анын кесепети кандай болорун коомчулукка ачыктай элек.
Ал арада айрым эксперттер, бул боюнча коңгуроо кагышып, аргументтүү пикирлерин ортого таштап келе жатышат.
Аңдабай ачкачылыкка баратабыз
Алсак, 2023-жылы июль айында «Акипресс» маалымат агенттигине профессор, геологиялык-минералогиялык илимдеринин доктору Кулубек Бөкөнбаевдин «Жер ресурстары – азык-түлүк коопсуздугунун негиздери» аттуу макаласы жарыяланган. (Автордун айтымында, макала 2012-жылы жарыяланган «Дүйнөнүн табийгый илимий картинасы» монографиясынын үзүндүсү). Автор макаласында Кыргызстандагы айдоо аянты жылдан жылга куураган теридей кыскарып бара жатканын белгилеген. Профессордун эсептөөсү боюнча мурда киши башына 0,34 гектар айдоо аянты туура келсе 25 жыл ичинде ал 0,27 гектарга, ошондой эле сугат жер мурда киши башына 0,25 гектардан туура келсе, кийин ал дагы 0,18 гектарга кыскарган. Буга улай автор 2025-жылга карата айдоо аянты жан башына 0,21 гектарга, сугат жер 0,1 гектарга кыскарары тууралуу божомол бар экенин жазган.
Ошону менен бирге эле К.Бөкөнбаев акыркы 25-30 жылдагы айдоо аянттарына түшүп жаткан курулуштар азык-түлүк коопсуздугуна өтө кооптуу экенин баса белгилеген. Түшүнүктүүрөөк болуш үчүн аны сөзмө-сөз берели: «Другая беда: практически все гражданское строительство в нашей стране ведется на равнинных территориях, т.е. на пахотных землях, т.к. строительство на них значительно дешевле, чем, допустим, на скалистых возвышенностях. Ситуация усугубляется захватом сельхозземель (десятки тысяч га) внутренними мигрантами для строительства трущоб в окрестностях Бишкека, Оша, Джалал-Абада и постепенно распространяется на другие города. Вывод земель из сельскохозяйственного использования для строительства домов отдыха, пансионатов, кафе и т.п. на северном побережье оз. Иссык-Куль приобрел массовый характер. …Согласно расчетам Ю. Одума: одному человеку необходимо для полноценного питания 0,6 га… Площадь культурных земель составляет 0,27 га на душу населения, т.е. в два, три раза меньше, чем необходимо просто для полноценного питания. Если при расчете исходить из всей площади сельскохозяйственных земель в 10,3 млн. га, то на душу населения (6 млн19 тыс.500 чел) приходится около 1,6 га. Вроде бы еще есть небольшой запас, но, если принять во внимание, что минимум около 50% сельхозугодий деградировано, то остается всего лишь 0,8 га на душу населения – это в среднем по стране. В отдельных же районах, особенно на юге, ситуация хуже. Еще раз напомним: в настоящее время реальное качественное состояние земель неизвестно, т.к. инвентаризация их и бонитировка не проводились в течение более двадцати лет.
Если кардинально не изменить отношение к сохранению и возобновлению земельных ресурсов, то уже в ближайшем будущем, имея в виду неизбежный рост численности населения, проблема обеспечения продовольствием может стать катастрофической с вполне предсказуемыми социальными последствиями”, – деп жазат К.Бөкөнбаев.
Калктын саны 7 миллион болгонун эске алсак, жалпы айдоо аянттын жан башына тийген үлүшү жогорудагы көрсөткүчтөн да ылдый болот.
Маанилүү мамлекеттик программа
Айдоо аянттарынын кыскарышынан сырткары азыр бизде иштетилип жаткан жерлердин сапаты боюнча да чоң көйгөй бар. Союз тараганда жерлер жеке менчик дыйкан чарбаларга бөлүштүрүлүп, айдоо аянттары СССР маалындагыдай пландуу иштетилбей калды.
1991-жылдан бери айдоо аянттарын ар ким каалагандай пайдалангандыктан айдоо аянттардын көбү сапаты төмөндөп, арыктап бүткөндүгүн байкап жатабыз. Муну тиешелүү министрлик, ведомстволор өздөрү моюнга алышууда. Эске салсак, 2019-жылы февраль айында агездеги айыл чарба, азык-түлүк өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев (Жогорку Кеңеш жыйынында) 1 млн. 279 миң гектар айдоо аянтынын 1 пайызынан азыраагы гана органикалык жол менен иштетилип, калганы химиялык жер семирткич, заттар менен иштетилерин билдирген. Демек, айдоо аянттарыбыздын көбү 35 жыл ичинде химиялык жер семирткичтерге ууланып бүттү десек болот.
Бул көйгөй 2024-жылы 25-мартта Министрлер Кабинетинин токтомунда так аныкталган. «2024-2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу прог-раммасында» да так, даана көрсөтүлгөн. Аталган документте жан башына 0,14 гектардан туура келген сугат айдоо аянты жылдан-жылга азайып бара жаткандыгы жазылган. Документтин «Азыркы кырдаалга жалпы баа берүү» бөлүмүнүн 13-пунктунда: «В настоящее время, согласно данным почвенных обследований, проведенных ГП «Кыргызгипрозем», общая площадь засоленных земель сос-тавляет 1 190,8 тыс. га, в том числе орошаемых земель 163,8 тыс. га, площадь солонцеватых земель составляет 480,2 тыс. га, в том числе орошаемых земель 98,8 тыс. га….Следует подчеркнуть, что в республике мероприятия, направленные на борьбу с засолением и солонцеватостью пахотных земель, практически не ведутся” деп баса көрсөтүлгөн.
Ал эми 14-пнуктунда болсо: “Напомним, что в условиях горного Кыргызстана, прогнозируемого демографического роста экономических потребностей каждый гектар плодородной земли является поистине золотым, также как литр поливной воды. …По данным научных исследований (к.с/х.н. Баженова Н.К., 1967 г), урожайность сельскохозяйственных культур при засолении и солонцеватости почв снижается при слабой степени до 15–20 %, при средней до 20–50%, при сильной степени до 50–80%, на солончаках и солонцах до 80–100 % потери урожая” деп жазылган.
Бул цифралар көрсөтүп тургандай 1 млн. 279 миң гектар айдоо аянтыбыз бар дегенибиз менен анын акыбалы да мактанарлык жагдайда эмес. Андыктан ушул эле программанын “Жетишкендиктер жана көйгөйлөр” бөлүмүндө жазылгандай “айыл чарбаны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын туруктуу приоритети” болушу керек.
Аталган программада айдоо аянттарын иштетүүнү жакшыртуу үчүн Жалал-Абад, Талас облусундагы “Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасына караштуу кыртыштык-агрохимиялык лабораторияларды күчтөндүрүп, мындай лабораторияларды Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарына да ачуу маселеси каралган. Ошондой эле агрохимиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, жердин мамлекеттик, жеке менчик экенине карабай агрохимиялык паспортту киргизүү керектиги да айтылган. Чынында бул эң жакшы идея жана ал келечекте азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айдоо аянттарын сактоого жакшы шарт түзөт. Бул программада ушул сыяктуу айдоо аянттарын сактоо, өркүндөтүү боюнча бир топ алгылыктуу сунуштар да камтылган. Төрт жыл ичинде программада айтылгандар толук болбосо да жарым-жартылай аткарылса, айыл чарбабыз алдыга жылары анык.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”
(Уландысы бар)