Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыОрусияда кадр жетишсиздиги тарыхый минимумга жакындаганы айтылды

Орусияда кадр жетишсиздиги тарыхый минимумга жакындаганы айтылды

Орусиянын Борбордук банкы 2025-жылдын биринчи чейрегинде жумушчу күчүнө болгон тартыштык акыркы жылдардагы эң жогорку чекке жеткенин билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айынан март айына чейинки аралыкта 12,3 миң ишкананы камтыган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, кадр жетишсиздиги -31,9 пунктка жеткен. Бул — байкоо жүргүзүлө баштагандан берки эң начар көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет.

Көптөгөн ишканалар жумушчу күчүнүн жетишсиздигин чыгымдардын өсүшүнөн кийинки негизги тоскоолдук катары белгилешкен. Айрым респонденттер үчүн бул фактор финансылык жетишсиздиктен да олуттуу болуп чыкты.

Муну менен бирге, Борбордук банк март айында эмгек рыногундагы чыңалуу басаңдап жатканын билдирген эле. Бирок апрелде алынган жаңы маалыматтар бул көз карашка каршы келүүдө жана өлкөдөгү кадр кризиси кайрадан курчуп жатканын белгилүү болду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар