Башкы беткеМаанилүүКыргызстандык боксёрлор эл аралык мелдештен 3 медаль менен кайтышты

Кыргызстандык боксёрлор эл аралык мелдештен 3 медаль менен кайтышты

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Бекзат Саттархановдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдештен жалпы үч медаль утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Мелдеш жыйынтыгында кыргыз спортчулары 1 алтын жана 2 коло медалга ээ болушту.
54 кг салмак категориясында Милана Шихшабекова алтын медалга татыктуу болуп, мелдештин жеңүүчүсү аталды.

60 кг салмакта күч сынашкан Аделя Асылбек кызы жана 63.5 кг салмактагы эркектер таймашында Дилербек Садиров коло байгеге ээ болушту.

Кыргыз курамасы мелдешке башкы машыктыруучу Рустам Есенкуловдун жетектөөсүндө катышты.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар