Башкы беткеСаясат жана коомКоомРоссиядагы өкүлчүлүк кыргызстандыктардын эмгек акысын өндүрүүгө жардам берди

Россиядагы өкүлчүлүк кыргызстандыктардын эмгек акысын өндүрүүгө жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү 16 жаранга 2 млн рублдан ашык эмгек акысын өндүрүүгө жардам берди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 16 жараны «СПС-К» ЖЧК эмгек акыны төлөбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу жасашкан.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жумуш берүүчү — «СПС-К» ЖЧКсы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыгында эмгек акы боюнча карыз толугу менен төлөндү. Кыргызстандын жарандарынын пайдасына жалпы 2 млн 293 миң рубль берилди. Бул сумма мурда көрсөтүлгөн карызга толук туура келери айтылды.

Өкүлчүлүк Россиянын аймагында жүргөн мекендештерди эмгек укуктарын коргоо жана ушул сыяктуу жагдайлар жаралган учурда кайрылууга чакырат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар