Башкы беткеМаанилүүКыргызстанга Орусиядан күйүүчү-майлоочу май убактылуу азайып келүүдө

Кыргызстанга Орусиядан күйүүчү-майлоочу май убактылуу азайып келүүдө

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу май рыногунда Орусиядан келчү продукциянын көлөмү азайды. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Жеңалы Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, себеп — Орусиядагы ири мунай иштетүүчү заводдордун айрымдарынын убактылуу жабылышы жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү. Натыйжада Кыргызстанга күйүүчү майдын көлөмү аз келген.

Ошентсе да, жеткирүү толугу менен токтогон жок. Кыргызстан жыл сайын Орусиядан 1,2 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын бажы төлөмүсүз алып келет.

Монополияга каршы кызматтын маалыматына ылайык, өлкөдө азыркы учурдагы мунайзат запасы бир айга жетет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар