Ош облустук ички иштер башкармалыгы коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү улантууда. 8-октябрдан 15-октябрга чейинки аралыкта 28 кыз-келин административдик жоопкерчиликке тартылып, ар бирине 20 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, быйыл январь айында президент Садыр Жапаров «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коомдук жайларда жүзүн толук жаап жүргөн адамдарга жана үймө-үй кыдырып даават айткан жарандарга 20 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган.
Мыйзамга ылайык, жүзүн толук жаап жүргөн адамдардын ким экени аныкталбаса, аларды мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга же мекемелерге киргизүүгө тыюу салынган.
Документ күчүнө киргенден кийин өлкөнүн аймактарында эскертүү иш-чаралары өткөрүлүп, андан соң административдик чараларды көрүү иши башталган.
Маалыматка караганда, никаб — бул аялдын жүзүн толугу менен жаап, көзү гана көрүнүп турган баш кийим. Айрым мусулмандар аны хижабдын эң жогорку формасы катары эсептешет.

