Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПакистан менен Оогастандын чек арасында кайрадан куралдуу кагылышуу болду

Пакистан менен Оогастандын чек арасында кайрадан куралдуу кагылышуу болду

Пакистан армиясы Ооганстан аймагындагы террордук топтордун позицияларына абадан жана артиллериялык сокку урду. Бул аракет Пакистан тараптагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Куррам округундагы блокпостторго болгон кол салууга жооп катары жасалганы айтылат.

Маалыматты Пакистандын мамлекеттик телеканалы PTV өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө шилтеме берип таратканын Report басылмасы жазды.

Берилген маалыматка караганда, 14-октябрдын кечинде “Талибан” кыймылынын жоочулары жана мурда “Пакистан талибдер кыймылы” (же Техрик-и-Талибан Пакистан) деп белгилүү болгон “Фитна аль-Хаваридж” тобунун мүчөлөрү пакистандык чек ара постторуна себепсиз ок ачышкан.

Жооп катары Пакистан армиясы каршы аракет көрүп, жоочуларга таандык бир блокпостту жана танк позициясын талкалаган. Ошондой эле “Фитна аль-Хаваридж” уюмунун жогорку даражалуу командирлеринин бири жок кылынганы кабарланууда.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар