Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаӨкмөт жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын тизмесин бекитти

Өкмөт жаныбарлардын өзгөчө кооптуу ылаңдарынын тизмесин бекитти

Кутурма, бруцеллез, ящур, сибирь жарасы, африкалык чочко чумасы, канаттуулардын жогорку патогендик тумоосу, бодо малдын энцефалопатиясы, төөлөрдүн чумасы, майда малдын чумасы өзгөчө коркунучтуу жаныбарлардын ооруларынын тизмеси катары бекитилди.  Мындай документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эпизоотикалык коопсуздукту жана ветеринардык-санитардык коргоону камсыз кылуу максатында кол койгон.

Көрсөтмө боюнча:

  • Тизмеге кирген оорулардын алдын алуу, диагностика жана жоюу үчүн ветеринардык дары-дармектерди сатып алуу республикалык бюджеттен жана мыйзамга каршы келбеген башка булактардан каржыланат;

  • Башкы мамлекеттик ветеринардык инспектор каражаттарды оорулардын маанилүүлүгүнө жараша бөлүштүрүү укугуна ээ болду;

  • Каражаттын максаттуу пайдаланылышын Министрлер Кабинетинин алдындагы Айыл чарба министрлиги көзөмөлдөйт.

Ошондой эле бул тизмеге Кыргызстанда биринчи жолу аныкталган жаңы оорулар да камтылды.

2006-жылы чыгарылган токтом күчүн жоготту. Жаңы документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар