Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгрияга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын 2025-жылдагы стратегиялык өнөктөштүгүнүн жыйынтыктарын талкуулап, 2026-жылы кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты. Белгиленгендей, быйылкы жылы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү конструктивдүү жана жемиштүү мүнөздө болду.
Айрыкча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын май айындагы жолугушуусу, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин сентябрь айында венгриялык премьер менен өткөргөн сүйлөшүүсү, октябрь айында Стратегиялык кеңештин жыйыны жана ноябрда Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму маанилүү окуялар катары белгиленди.
Данияр Амангелдиев менен Петер Сийярто Венгрия–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, анын эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги ролун белгилешти. Венгрия тарабы фонддун капиталын 45 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүгө жана Кыргызстанда иш алып барган компанияларды колдоого даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Stipendium Hungaricum билим берүү программасынын маанисин белгилеп, анын алкагында жыл сайын Кыргызстандын 200гө чейин жараны Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканын айтышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Европалык союздун алкагындагы өз ара аракеттенүү, анын ичинде санкция маселелери да талкууланды. Кыргызстан менен Венгрия Россия–Украина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү позицияда экенин жана анын мындан ары курчушуна каршы экенин белгилешти.

