Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Токиодо «Борбордук Азия + Япония» саммит алдындагы иш-чарага катышты

Садыр Жапаров Токиодо «Борбордук Азия + Япония» саммит алдындагы иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы «Акасака» мамлекеттик конок үйүнө келди.

Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри ардактуу кароол ротасы тизилген кызыл килем аркылуу өтүшүп, биргелешип сүрөткө түшүштү.

Иш-чаранын алкагында тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин урматына уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.

Бул иш-чара Токиодо өтө турган «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун биринчи саммитинин алдында уюштурулду.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар