whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУкук бузуулардын бирдиктүү реестри Ички иштер министрлигине өттү

Укук бузуулардын бирдиктүү реестри Ички иштер министрлигине өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-майындагы № 153 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган жана өлкөдөгү укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды эсепке алуу жана иштеп чыгуу системасын өркүндөтүүгө багытталган.

Токтомго ылайык, ИИМ Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси болуп аныкталды, бул анын талаптагыдай сакталышы жана эксплуатацияланышы үчүн жоопкерчиликти билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун техникалык оператору болуп дайындалды.

Үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында ИИМге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан анын иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар жана финансылык каражаттар менен бирге автоматташтырылган маалыматтык тутумунун кабыл алуу тапшырылды.

Бул чечим укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, укук бузуулар жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууда ачык-айкындуулукту жана эффективдүүлүктү камсыз кылууга, ар кандай мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координацияны жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүгө милдеттүү.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар