21-23-июнь күндөрү Казакстандын борбору Астанада “Кытай-Борбор Азия” кызматташтыгын өнүктүрүү форуму жана Үчүнчү эл аралык “Жибек жолу” коммуникациялык конференциясы болуп өттү. Иш-чараны дүйнөгө белгилүү «Синьхуа» агенттиги жана Казакстан Республикасынын Президенттик телерадиокомплекси биргелешип уюштурган.
Иш-чаранын негизги максаты – Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланышты чыңдоо жана маалымат каражаттарынын кызматташтыгын бекемдөө болуп эсептелет.
Иш-чарага Казакстандын президентинин жардамчысы Арман Кырыкбаев, Казакстан Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары Канат Искаков, “Синьхуа” маалымат агенттигинин башкы директору Фу Хуа, Кытай Элдик дипломатия Ассоциациясынын төрагасынын орун басары Цю Сяоци жана Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү, анын ичинде кылымдык тарыхы бар кыргыздын туңгуч гезити «Кыргыз Туусу» гезитинин журналисттери жана алдыңкы медиа уюмдардын жетекчилери жана тажрыйбалуу кабарчылары катышты.
Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары тездик менен өнүгүп, бир катар тармактарда реалдуу жыйынтыктарга жетишип жатат. Темир жол коридорлорунун курулушу, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, билим берүү жана маданий алмашуу сыяктуу багыттар бул кызматташтыктын негизги багыттары катары көрүнүп турат.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода-экономикалык алакаларынын көлөмү жана сапаты туруктуу түрдө өсүп жатат. Учурда Кытай аймактагы эң ири соода өнөктөш болуп саналат жана инвестиция тартуу жагынан да башкы орунда турат.
Эксперттердин айтымында, бул өңүттөгү аракеттер Борбор Азия өлкөлөрүнүн инфраструктурасын жакшыртууга, жаштардын билим алуусуна шарт түзүүгө жана аймакта туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.
Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплексинин башкы директору Раушан Кажыбаева “Кытай – Борбордук Азия” экинчи саммитинин ийгиликтүү өтүшү аймак менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын багытын аныктаганын белгиледи. Анын айтымында, бул форум Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жакын мамилесинин жана терең достугунун ачык белгиси болуп саналат. Ошондой эле, ал жалпыга маалымдоо каражаттары саммитте жетишилген макулдашууларды колдоп, алардын ишке ашышына көмөктөшүшү керек экенин кошумчалады.
Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиевдин айтымында, «Бир алкак – бир жол» демилгеси Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Ал тараптардын ортосунда маалымат алмашууну жана кызматташууну күчөтүү Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн туура, чыныгы жана ар тараптуу чагылдырууга жардам берет деп белгиледи.
Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин директору Субхиддин Шамсиддинзода Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын медиа тармагындагы кызматташтыгы жакшы жыйынтыктарды берип жатканын айтты. Ал ошондой эле маалымат жана байланыш тармагында адистерди даярдоо, университеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү жана чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча пикир алмашууну улантууга үмүт кыларын белгиледи.
“Медиа-Түркмөн” маалымат агенттигинин башкы директору Бекдурды Амансарыевдин айтымында, маалымат каражаттары бири-бирине урмат көрсөтүп, тең укуктуу жана эки тарапка тең пайда алып келе турган кызматташтыкты түзүшү керек. Ал жаңы технология-лар ЖМКлар үчүн кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткенин айтып, жаңы медиа тармагында кызматташтыкты бекемдөөгө жана санариптик өзгөрүүлөрдү колдоого үмүт артарын белгиледи.
Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин башкы директору Абдусаид Кучимов ЖМКлар Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошо аларын белгиледи. Анын айтымында, бул форум Борбор Азия менен Кытайдан келген медиа өкүлдөрүнүн биргелешип кызматташуу жолдорун талкуулап, жалпы кыйынчылыктарды бирге чечүүгө көмөктөшкөн маанилүү аянтча болуп калды. Форумдун катышуучулары дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп жатканын жана жалган маалыматтардын тарашы сыяктуу олуттуу маселелерге бирге каршы туруу зарылдыгын баса белгилешти.
Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары аймактагы тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти. Форумдун жүрүшүндө маалымат алмашуу, жаңылыктарды чогуу таратуу жана технологиялык жаңылыктарды жайылтуу боюнча кызматташууну күчөтүү керектиги айтылды.
Катышуучулар ЖМКлар чыныгы, так жана тең салмактуу маалымат таратуу аркылуу аймактык ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдей аларын белгилешти. Жыйынтыгында “Астана консенсусу” кабыл алынып, тараптар маалымат мейкиндигин өнүктүрүү боюнча аракеттерди бириктирүүгө макул болушту.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,
“Кыргыз Туусу”