Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда улуттук стейблкоин KGST ишке киргизилди

Кыргызстанда улуттук стейблкоин KGST ишке киргизилди

Кыргызстан биринчи улуттук стейблкоин — KGST чыгарды. Ал улуттук валютага — сомго 1:1 катышта байланган. Бул тууралуу Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин секретариаты билдирди.

Маалыматка караганда, KGST токени BNB Smart Chain (BSC) блокчейнинин негизинде иштелип чыккан жана аудиттик текшерүүдөн өткөн. Анын резервдик камсыздоосу мамлекеттик банктарда сакталат. Стейблкоин KYC/AML эл аралык стандарттарына ылайык коопсуздук жана колдонуучуну аныктоо процедураларын камтыйт.

Биринчи этапта KGST Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү криптобиржаларда колдонууга чыгат. Кийин ал Binance, Coinbase сыяктуу ири эл аралык аянтчаларда да жайгаштырылмакчы.

Жакынкы аралыкта KGSToken үчүн атайын мобилдик колдонмо да сунушталары айтылды.

Эмиссияны жүргүзгөн компания — ОсОО «KGSTOKEN».

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар