Башкы беткеСаясат жана коомКоомПатенттик система кайтарылды. Эмне өзгөрөт?

Патенттик система кайтарылды. Эмне өзгөрөт?

Садыр Жапаров 18-апрелде “Ишкердик субъекттерин колдоо жана салык ставкаларын жана салыктык башкарууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Документ коммерциялык ишкерлер үчүн патент системасын кайтарууну карайт. Мындай учурларда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонуу да жокко чыгарылары белгиленген.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, 0,5% өлчөмүндөгү бирдиктүү салык ставкасын колдонуу үчүн жылдык кирешенин босогосун 30дан 50 млн сомго чейин жогорулатуу негизги өзгөртүүлөрдүн бири болгон.

Мындан тышкары, ал үчүн документтер жок болгон учурда товардын рыноктук наркынын 5% өлчөмүндөгү салык санкциясы жокко чыгарылат. Ошондой эле анонимдүү жактарга товарларды сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 4%дан 2%ке чейин төмөндөтүлдү.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар