Армения ЖККУнун Бишкектеги саммитине катышпастыгын билдирди

Орусиялык ТАСС агенттиги Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкектеги саммитине катышпай турганын кабарлады. Маалыматта орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме жасалып, Ереван жыйынга келбегени менен уюмдун макулдашылган документтерин кабыл алуудан баш тартпай турганы белгиленген. Путин өзү 25–27-ноябрь күндөрү Бишкекте өтө турган саммитке катышып, сапардын жыйынтыгында салттуу түрдө прессага билдирүү жасары айтылды.

Армения акыркы жылдары ЖККУдан акырындап алыстап келет. 2023-жылы Ереван уюмдун аскердик машыгууларын «максаттуу эмес» деп өткөрүүдөн баш тарткан, ал эми 2024-жылы премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн уюмдагы мүчөлүгүн токтотуп койгонун жарыялаган. Армения 2022-жылы Азербайжан Тоолуу Карабакты жана чек арадагы аймактарды көзөмөлүнө алганда ЖККУ жардамга келбегенине бир нече жолу нааразы болгон. Ошондон бери Ереван мүчөлүк акыны да төлөбөй келет, бирок уюмдан биротоло чыгып кеткенин расмий билдире элек.

Учурда Армениянын тышкы саясаты ЕБ багытында активдешип, өлкө Евробиримдикке кошулуу жараянын баштаган мыйзам долбоорун кабыл алды. Европарламент да Армения менен кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырган резолюция кабыл алган.

ЖККУ 1992-жылы түзүлгөн, анын курамында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларусь бар. Армениянын Бишкек саммитине катышпай жатышы уюм ичиндеги карама-каршылыктардын уландысы катары бааланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз