Бишкек шаарындагы бардык мектептер 25-ноябрдан тарта 1-декабрга чейин онлайн окуу режимине өтөт. Калаа мэриясы мындай чечим Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) саммитине жана 30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүү максатында кабыл алынганын кабарлады. Шаардагы мектептер 2-декабрдан тарта кадимки тартипте иштей баштайт.
25-27-ноябрь күндөрү «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базары да иштебей турганы белгилүү болду.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги 25-27-ноябрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө да жол кыймылына чектөө кире турганын кабарлады.
Министрлик чектөө кортеждер өтүп жаткан маалда гана күчүндө болорун кошумчалады.
ЖККУнун саммитине Орусия президенти Владимир Путин келе турганы айтылган.

