whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлап

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлап

2025-жылдын 28-апрелинен 30-апрелине чейин Россиянын «Билим» коому Билим марафонун өткөрөт. Марафон Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында өтөт.  Буга байланыштуу Россия Федерациясынын бардык федералдык округдарында жаштар менен түз диалог үчүн аянтчаларды ачуу мерчемделүүдө. 

Москва шаары салттуу түрдө иш-чараны өткөрүүдөгү борбордук аянт болуп калат жана ага Россиянын аймактары, анын ичинде баатыр шаарлар, ошондой эле өлкөнүн башка жаңы аймактары кошулат. Лекторлор Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы жөнүндө айтып беришет жана жалпы келечекти куруу үчүн элдин тарыхый эрдигин эс тутумда сактоо канчалык маанилүү экенин жаштарга эскертишет. Үч күндүк марафондун жүрүшүндө катышуучулар өлкөнүн бардык чөйрөлөрүндөгү жогорку бийлик өкүлдөрү менен жеке баарлаша алышат жана ошондой эле чет элдик спикерлердин катышуусу да мерчемделүүдө. Лекциялардын ортосундагы тыныгууларда катышуучулар блогерлер менен таанышып, уюштуруучу жана өнөктөштөр тарабынан сынактарда байгелүү орундарга ээ боло алышат.

Билим берүү марафонуна 25 миңден ашык жаштар чогулат. Аларга Россиянын «Билим» коомунун лекторлорунун 130дан ашык доклады угулмакчы. Мындан тышкары, лекторлордун баяндамаларын Znanie.TV сайтынан, ошондой эле билим берүү уюмунун расмий ВКонтакте тобунан көрүүгө болот.

Россиянын «Билим» коомунун башкы директору Максим Древаль өз сөзүндө «Биздин кезектеги федералдык билим берүү марафонубуз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналат. Биз бул иш-чарага абдан жоопкерчиликтүү даярданып жатабыз, анткени биз учурдун маанилүүлүгүн, тарыхый датанын бүтүндөй өлкө үчүн, Россиянын ар бир тургуну үчүн маанисин түшүнөбүз. Биз ата-бабаларыбызга – ошол Жеңишти камсыз кылган чыныгы баатырларга таазим кылууну ыйык милдет деп эсептейбиз. Ошондуктан, биз жазгы марафон эң жаркын жана эсте каларлык болушу үчүн бардыгын жасайбыз», — деп белгиледи.

Марафонду утурлай Россиянын «Билим» коому Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата атайын тематикалык иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдеген. Алардын арасында унутулгус тарыхый жерлерге экскурсиялар, Россиянын аймактарында Жеңиштин негизги окуялары жана баатырлары тууралуу билим берүү кампаниясы бар.Буга чейин болуп өткөн билим берүү марафондорунда жогорку бийлик өкүлдөрү менен жаштардын ортосунда түз баарлашуу үчүн популярдуу аянтча түзө алышкан.

Мисалы, 2023-жылдын күзүндө болуп өткөн марафон “Россия”  Эл аралык көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын билим берүү программасынын негизги иш-чарасы болуп калды, мында Россиянын “Билим” коому башкы өнөктөш болуп, өкмөт өкүлдөрүн, маданият жана искусство ишмерлерин, спортчуларды, илимпоздорду, сүрөтчүлөрдү ж.б. өз сайттарында чогулткан.Буга чейинки марафондорго катышкандардын саны 100 миң кишиден ашкан. «Билим» коомунун лекторлору аудиторияларда ишканалардын жетекчилери, окумуштуулар, спортсмендер, илим популяризаторлору, мамлекеттик кызматкерлер жана башка эксперттерге 300 жолудан ашуун баяндама жасашкан. Жалпысынан 800дөн ашык коомдук ишмерлер баяндамаларды жасашкан.

Орусчадан которгон Вера Беделбек

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар