Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Тажикстан аймактык бөлүнүү жана тирешүү коркунучун алдын алышты

Кыргызстан менен Тажикстан аймактык бөлүнүү жана тирешүү коркунучун алдын алышты

Саясий илимдердин доктору, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын мааниси тууралуу ой бөлүшөт. Ал экономикалык өз ара аракеттенүү, аймактык коопсуздук маселелерине көңүл буруп, Бишкек менен Дүйшөмбүнүн аймактык туруктуулукту жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоодогу оң ролун белгиледи.

Бишкек менен Дүйшөмбүнүн кыска убакыттын ичинде бардык пикир келишпестиктерди жөнгө салып, мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарганы бул өтө маанилүү.

Глобалдык деңгээлдеги тектоникалык жылыштар планетанын ар кайсы аймактарында коопсуздуктун жана экономикалык өз ара аракеттенүүнүн архитектурасын өзгөртүүдө. Борбор Азияда коңшу мамлекеттердин лидерлери бул процесстерге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышты. Жалпы чек арасы бар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер бир туугандык жана тынчтык гана болушу мүмкүн, бул элдердин гүлдөп өнүгүшүнүн негизги шарты. Биздин президенттер да ушул форматта гана жылып жатышат.

Аймактык талаш-тартыштарды жана сууну пайдалануу маселелерин өз ара жөнгө салуу менен Кыргызстан менен Тажикстан аймактык бөлүнүү жана тирешүү коркунучун жоюшту. Саясий-дипломатиялык жол менен, өз ара жол берип, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен биздин лидерлер түп тамырынан бери жаңы мамилелердин пайдубалын түптөштү. Ушунун негизинде Бишкек менен Дүйшөмбү конструктивдүү диалог куруп, эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүштү.

Мындан бир нече жыл мурда эле Кыргызстандын, Тажикстандын жана ªзбекстандын чек аралары бириккен Фергана өрөөнүндө эл аралык эксперттер кырдаалдын татаалдашуусун болжолдошкон. Азыр абал түп-тамырынан бери өзгөрдү. Ушул жылдын жазында Худжанд шаарында лидерлер түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюшту. Садыр Жапаровдун Дүйшөмбү шаарына болгон мамлекеттик сапары – экономикалык кызматташтыктын базасын бекемдөө жана кеңейтүү, жалпы коопсуздук мейкиндигин түзүү боюнча чоң иштин уландысы. Бул бүткүл Борбор Азиядагы тынчтыктын жана туруктуулуктун негизги факторлорунун бири.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аралар ачылгандан кийин экономикалык байланыштар жогорулады. Товар жүгүртүү көбөйүп, өсүү чекиттери жана келечектүү багыттар пайда болууда. Демек, чек ара маселеси чечилмейинче, соода-сатык катыштарыбыз туюкка кептелгени баарына эле айкын болчу. Бардык байланыштар иш жүзүндө токтотулган. Эми биз оң жана позитивдүү динамиканы, товар жүгүртүүнүн бир нече эсеге өсүшүн көрүп жатабыз. Менимче, биздин эки тараптуу экономикалык мамилелерибиздин түзүмү оптималдаштырылат, соода гана көбөйүп, элибиздин бакубаттуулугун арттырат. Бири-бирибизге өз ара пайданын негизинде толуктоого мүмкүндүк берүүчү көптөгөн багыттар жана компоненттер бар.

Эми Кыргызстан менен ачылган чек ара аркылуу Тажикстан ЕАЭБ рыногуна туруктуу байланышка жана түз чыгууга ээ болду. Мындан тышкары, биздин өлкөлөр региондогу өлкөлөр үчүн суу ресурстарынын регионалдык донорлору болуп саналат. Ошондуктан, бул тармакта, анын ичинде гидроэнергетика маселелеринде Бишкек менен Дүйшөмбү өз аракеттерин координациялоого мүмкүнчүлүгү бар жана бул абдан маанилүү. Анткени биздин коңшу мамлекеттер сууну жана анын адилеттүү бөлүштүрүлүшүнө муктаж. Биз бири-бирибиз менен да, жакынкы союздаштарыбыз менен да климаттын өзгөрүшүнүн шартында тынымсыз байланышта болушубуз керек, анткени ал мөңгүлөрдү, демек, суу булактарын да кургатып жатат. Бул экономикага да, балким, биздин өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн жалпы векторуна да таасир этет.

Коопсуздук чөйрөсү – бул азыркы шарттарда өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселе. Коопсуздук маселелери боюнча, биз абдан тыгыз кызматташуубуз керек, анткени Тажикстандын Ооганстан менен чек арасы өтө узун. Ал жакта абал бир беткей эмес: Талибан кыймылы толук көзөмөлгө ала элек аймактардан дагы деле белгилүү коркунучтар келип чыгууда. Буга байланыштуу биздин аракеттерибиз, албетте, жамааттык болушу керек жана терроризмдин жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүн нейтралдаштырууга багытталышы керек. Бул өтө маанилүү маселе, мен муну баса белгилегим келет. Ошондуктан бизге коргоо ведомстволору жана атайын кызматтар боюнча өз ара аракеттенүү механизмдери керек.

Маданият, гуманитардык жана диний чөйрөлөрдө биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай келишпестиктер жана карама-каршылыктар жок. Бул жерде, бири-бирине кошуна жашап, ата-бабаларыбыз кылымдар бою тынчтыкта жана ынтымакта жашап келишкен. Биз бири-бирибизди колдоп, өз ара байытып жана толуктап турушубуз керек. Ошондуктан мен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелердин келечегине оптимисттик көз караштамын жана Садыр Жапаровдун Дүйшөмбү шаарына болгон сапары тынчтыкты, туруктуулукту жана өнөктөштүктү бекемдөөдөгү дагы бир маанилүү кадам болот деп ишенем.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ

 

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар