Башкы беткеМаанилүүБарскоон – Үчтурпан – Аксуу автожолун куруу аракети

Барскоон – Үчтурпан – Аксуу автожолун куруу аракети

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жумуш сапарынын алкагында Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрүү бекетине алып барчу Барскоон – Үчтурпан – Аксуу автожолун куруу боюнча Кытайдын бир катар корпорацияларынын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү.

Бакыт Төрөбаев Кытайдын Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча корпорациясынын, Темир жол корпорациясынын, Мамлекеттик курулуш инженердик корпорациясынын жана Улуттук алтын корпорациясы сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, Барскоон – Үчтурпан – Аксуу автожолун курууда буга чейин эки тараптуу биргелешип түзүлгөн техникалык экономикалык негиздеменин негизинде курулушту ишке ашыруу, курулуштун жүрүшүндө эки тарапка пайда алып келе турган жагдайларды талкуулады. Иштиктүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында дүйнөнүн алдыңкы объекттеринин курулушуна катышкан Кытайдын корпорацияларынан турган делегация Барскоон – Үчтурпан – Аксуу автожолун куруу боюнча жеринде сүйлөшүү жүргүзүү үчүн жакын арада Кыргызстанга жөнөтүүлөрү, ошондой эле эки тараптын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда жумушчу топтор түзүү тууралуу макулдашылды.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ошондой эле эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам жана Нарын облусундагы Торугарт көзөмөл өткөрүү бекеттери аркылуу кирген жолдор бар. Кыргыз-кытай чек арасына жаңы жол куруу жана өткөрмө бекет ачуу 2023-жылдын май айында Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүдө чечилген.

Кытайга кирген үчүнчү жол 2024-жылдын сентябрында “Бедел” өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар менен ишке берилген. Учурда эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү этабын эки өлкө биргелешип ишке ашыруунун үстүндө иштер жүрүүдө. Барскоон – Үчтурпан – Аксуу автоунаа жолу толук кандуу ишке кирсе, Кытай менен Кыргызстандын соода байланыштарына жаңы дем берет. Кыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык алакасы соңку жылдары жогорку көрсөткүчкө жетти. Өткөн жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 23 млрд. долларды түзгөн. Эми бул жаңы маршрут Кытайдын Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге болгон соода жүгүртүүсүнүн көлөмүнүн өсүшүнө, ал эми Кыргызстандын региондогу транзиттик мамлекет позициясын бекемдемекчи.

Сыргак Эсенбек

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар