Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана анын максаты — аялдарга карата зомбулукту жоюу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарууну күчөтүү.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык:
үй-бүлөлүк зомбулук үчүн камак мөөнөтү 7 күндөн 14 күнгө чейин узартылды;
электрондук байкоо жана чектөө чараларын үч айга чейин колдонуу мүмкүнчүлүгү киргизилди;
“Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси “куугунтуктоо” түшүнүгү менен толукталды;
оңдоп-түзөө программасынан баш тарткан адамдар да камакка алынышы мүмкүн;
милицияга ар бир зомбулук боюнча билдирүүнү тобокелдикке баа берүү милдети жүктөлдү.
Бул өзгөртүүлөр аялдардын коопсуздугун камсыздоого жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

