Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районунда жайгашкан “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда өндүрүш аймагын жандандыруу маселелери каралды. Айрыкча электр энергиясын жеткирүү жана инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар талкууланды.
Маалыматка ылайык, аймакты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун алкагында 11 млн 500 миң сом каражат каралган.
“Лейлек” эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 100 гектарды түзөт. Анын 84 гектарына тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, бак отургузулган.
Жетекчилик аймактын потенциалын пайдалануу аркылуу өндүрүштү өнүктүрүү жана инвестиция тартуу багытында иштер улантыларын белгиледи.
