Башкы беткеРубрикаларЭкологияТоо жаныбарларына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Тоо жаныбарларына келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү

Жаныбарларга келтирилген зыян үчүн айып пулдун өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматында, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмүн (таксаларды) олуттуу жогорулатуу жөнүндө токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койду.

Ага ылайык, тоо текени аткандарга 300 миң, ал эми элик үчүн 100 миң сом айып салынат. Илегилектерге зыян келтиргендерге 30 миң сом айып каралаган.

Айып пулдардын бир бөлүгү мыйзам бузулганын аныктоого көмөктөшкөн адамдарды сыйлоого жумшалат.

Бул чара биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана браконьерлик менен күрөштү күчөтүүгө багытталган.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар