Илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы философия институтунун директору Нур Саралаев менен маек:
– Нур Керимкулович, философия байыркы илим, а институт жаш…
– Ооба, башка илимий институттардан жашыраакпыз. Философия институту 1964-жылы өз алдынча илимий институт катары негизделсе да биздин институттан көптөгөн даңазалуу академиктер, партиялык-саясий кызматкерлер чыгышкан. Бүгүн эки академик, бир мүчө-корреспондент, илимдин 21 доктору, 14 кандидаты, 2 Phd доктору бар.
– 60 жыл аралыгында кыргыз философтору кандай илимий иликтөөлөрдү жүргүзүп келди?
– Совет доорунда улуттар аралык мамиле, совет эли деген түшүнүктүн айланасында, руханий мамилелер жөнүндө, маданият жөнүндө өтө көптөгөн илимий-изилдөөлөр жүргүзүлүп, илимий чыгармачылык топтор иштеген. Кыргызга белгилүү даңазалуу окумуштуулар, анын ичинде академик Алтмышбаев. Ал совет дооруна чейинки кыргыздардын коомдук-философиялык көз карашын, совет доорунан кийинки кыргыздардын көз карашынын өзгөрүшүн философиялык жактан изилдеген. Өмүр бою ушул институтта эмгектенген, жазуучулар союзунун төрагасы болгон Азиз Салиевдин эмгеги башкалардыкынан түп-тамырынан айырмаланат. Биринчиден, ал музыка дүйнөсүн, музыкалык ой жүгүртүү, музыкалык кабылдоо, музыкалык көз караш деген эмне экенин иликтеп-изилдеген. Философия илимдеринин доктору, профессор Теңдик Аскаров кыргыздардын руханий байлыгын изилдеди. Кийин Ч.Айтматовдун чыгармаларын философиялык жана эстетикалык жактан изилдеп, кайталангыс эмгектерди жазды. УИАга мүчө-коореспондент, философия илимдеринин доктору Азиз Нарынбаев агай улуттар аралык мамилелерди, аны кантип чечүүнүн жолдорун иликтеди. Академик Аскар Какеев илим философиясын көп изилдеп, салымын кошту. Академик Осмон Тогусаков онтология жана гносеология тармагын изилдеп, футурология жана алдын ала көрө билүү менен эмгектенет. Профессор Өскөн Козубаев кыргыздардын этикасына көңүл бурган окумуштуу. Профессор Стамова Рахат Дүйшөмбиева инсан теориясын, инсандын калыптанышын, профессор Аскарбек Бекбоев философиянын тарыхын изилдеп жүрөт. Академик Ысманалы Мукасов кыргыздардын дүйнө таанымын изилдейт.
Акыркы жылдарда биздин институт кыргыздардын философиялык коомдук көз карашынын эволюциясы аттуу беш томдуктун үстүнөн эмгектенип келди. 5 томдук аяктап бүттүк. 3 тому жарыкка чыгуунун алдында. Күзгө барып, эки томдук чыгып калышы ыктымал. Финансылык мүмкүнчүлүк чектелүү, окумуштуулар жараткан эмгектерин өз каражаттарына чыгарышат.
– Албетте, 5 томдук даярдалып жатканы өтө кубанычтуу көрүнүш деңизчи. Арийне, кыргыз дүйнө таанымынын маселелери кенен изилденгенби?
– 5 томдуктун бир томдугунда кыргыздардын дүйнө таанымынын калыптанышы изилденет. Философиялык көз караштын калыптанышында мифологиянын орду, диндин орду, элдик оозеки чыгармалардагы кыргыздардын дүйнө таанымынын чагылдырылышы каралат. 2-3-томунда Асан Кайгы, Санчы сынчы, Кет Бука ж.б. ойчулдарга көңүл бөлсөк, кийинкилерде заманчыл акындар Молдо Кылыч, Арстанбек, Калыгул, Молдо Нияз, Нурмолдо, Алдаш молдолордун чыгармалары философиялык жактан изилденет. Аларга улай, акындар поэзиясынын алптарынын Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы ж.блар баштаган акындардын философиялык көз караштары иликтөөгө алынган. Убагында булардын айрымдарынын чыгармаларын чыгарууга, изилдөөгө тыюу салынган. “Булар заманчыл акындар, аларда өз заманын мактагандык бар, чыгармалары дин менен байланышкан” деп. Биз бүгүнкү күндө андай карабайбыз.
Барпыны айталы, анда философиялык ой жүгүртүүлөр терең. Адам баласынын жашоосундагы суунун орду, оттун орду, жердин орду, ааламдын орду деген сыяктуу глобалдуу ойлонот. Жеңижокто да ошондой. Мисалы, “Айт, айт десе ааламды айт” деп жатпайбы. Бул Барпыда да, Жеңижокто да, Токтогулда, башка акындарда да бар. Ушул себептүү бир философту, бир акынды бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Философтордун тили менен айтканда, ар бир акындын, чыгарманын ортосунда диалектикалык байланыш бар.
– Бүгүнкү кыргыз коомунда эң талаштуу темага айланган – Теңирчилик маселеси сиздердин 5 томдукта изилдендиби, каралдыбы?
– Теңирчилик түрк-монгол элдерине таандык, исламга чейин эле жашаган дүйнө тааным. Ал жеке гана кыргыздарга тиешелүү же мүнөздүү эмес. Анын артында бүтүндөй бир көчмөн цивилизация деп аталган учу-кыйры жок дүйнө жатат. Ислам менен Теңирчилик бири-бирине жат, карама-каршы түшүнүктөр эмес. Теңирчилик исламдын тушунда да болгон. Бири-бири менен айкалышып, жуурулушуп канатташ өкүм сүргөн. Теңирчилик бүгүн да бар. Ал дин эмес. Ал көчмөн цивилизацияга таандык дүйнө тааным. Аны четке кагып салуу-га болбойт. Айталы, теңирчилик дүйнө таанымын карманышкан монголдор буддизмдин лама багытын карманышат, арасында 5%га жакын мусулмандар да бар. Буряттар да буддизмди карманат, бирок Теңирге ишенет. Якуттарда Теңирчиликти дүйнө тааным катары кабылдашат. Бирок орустардын келиши менен христианчылык кирген, бирок сиңген эмес. Ислам ал жакка жетпей калган. Теңирчилик бир жагынан материалисттик түшүнүк. Себеби ааламга, ааламдын күчүнө, Көкө Теңирге ишенип жатат. Экинчи жагынан бул Көкө Теңир аалам аркылуу диний көз караштарды таркатып жатат. Биздин УИАнын философия институтунун кызматкери Төлөгөнов Турсуналы кандидаттык ишин Теңирчилик темасында жазган. Теңирчилик темасын изилдеген дагы бир окумуштуу Баяс Турал. Былтыр кыргыздардын улуттук дүйнө таанымы Теңирчилик боюнча докторлугун
жактады.
Кыргыздар тоого, ташка, отко, сууга сыйынат деп айтып жатпайбызбы. Анда эмнеге ислам Теңирчиликтин элементтеринен кутула элек. Мисалы, замзам суусуна сыйынуу, Меккенин ары жагындагы Арафат тоосуна алпарып, ташка сыйындыруу, же болбосо, Каабанын өзүндөгү ташка сыйындыруу. Бул Теңирчиликтин эң жеткен чеги. Муну эч кимиси айткысы келбейт. А биз айтабыз, ислам өзү Теңирчиликтен кутула элек. Арабдар өзү ислам жаралганга чейин караңгылык доорунда, жахилия доорунда отко, сууга, жерге, асманга сыйынган. Негизи изилдей келгенде таза дин жок. Таптаза дин болушу мүмкүн да эмес. Демек, Теңирчиликти четке кагып коюуга болбойт. Бул дин же дин эмес деп. Теңирчилик кыргыздар үчүн дүйнө таануунун, дүйнө түшүндүрүүнүн бир формасы. Ооба, Теңирчилик башкалардан айырмаланат. Теңирчиликте Куран сыяктуу, хадистер, тафсир сыяктуу жазылган жазуулар, китеп жок. Теңирчиликте бир гана догмат бар, бул Көкө Теңир. Көкө Теңир бул материалисттик нерсе. Исламда Аллахга сыйы-нып жатат. Аллах материалдуу нерсеби, материалдуу нерсе эмеспи? Ал – адамдын рухий байлыгы менен байланышкан түшүнүк. Теңирчилик менен исламдын ортосунда айырмачылык өтө көп.
– Өзүңүз жакшы билгендей, кыргыз менен кыргыздын ортосундагы бири-бирин түшүнбөөчүлүк ушул маселеден келип чыгып жатат. Бир тарабы арапкулдар дейт, бир тарабы теңирчи дейт. Дүйнө тааным менен дин карама-каршылыктын объектисине айланганы жарабайт го. Элди кантип бириктире алабыз?
– Маселе ушунда. Коом өзүнүн өнүгүү баскычтарында ар кандай карама-каршылыктарга учурап келген. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушул күндөрдү да басып өтүүгө тийиш болчубуз. Мезгилдер болгон бай менен кедейдин бири-бирине карама-каршылыгы. Азыр динчилдер менен теңирчилердин ортосундагы карама-каршылык — дүйнөнү кабылдоо, дүйнөнү түшүндүрүү маселесинде гана, башка маселе жок. Бир караганда, эки тарап да бир эле нерсени айтып жатат, бирок бири-бирин укпай жатышат. Теңирчилер дүйнөнү башкача кабылдайт, дүйнөнүн түзүлүшүн башкача түшүндүрөт, а исламда дүйнө түшүндүрүү таптакыр башка. Себеби, исламда атайы жазылган китептер, китептерде көрсөтүлгөн догматтар бар. Ошол китепте көрсөтүлгөн принциптер бар. Ал принциптерден, догматтардан исламдын өкүлдөрү чыгууга эч мүмкүн эмес. Эгер ал принциптерден чыгып түшүндүрө турган болсо, ал күнөөгө баткан делип, ж.б. түшүнүктөргө кабылышы мүмкүн, исламды таркатып жүргөн адамдар тарабынан. А теңирчилер эркин.
– Жогоруда Теңирчилик кыргыздарга эле эмес, жалпы түрк-монгол элдерине таандык, мүнөздүү нерсе экенин айтып кетпедикпи. Бирок, анын кошуна элдердин туу туткан философиясына окшоштуктары да байкалат, же андай эмеспи?
– Ооба. Айта бергенден сөз чындыгы бузулбайт. Теңирчилик Орто Азиянын жана алдыңкы Азиянын, Жакынкы Чыгыштын элдеринде кеңири таркап келген. Кытай философиясында Дао деген философия бар. Даосизм деп коебуз. Даонун негизин – аалам жана ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү окуу түзөт. Кытайлар менен кыргыздар чектеш жашаган, кандайдыр бир мезгилде, теңирчиликтин кээ бир элементтери Кытайдын даосизмине өтүшү мүмкүн, себеби дао убагында дин болгон, даолордуку бизге өтүшү ыктымал. Көп элдерде Теңирчилик бар, андан эч ким кутула алган эмес. Кутула албайт. Ал бейаң түрдө улуттук аң-сезимде жашай берет. Теңирчилик болгон жана боло бермекчи. Андыктан улуттук дүйнө таанымдын бир формасын бурмалап кабыл алып, бурмалап түшүндүрүп, касташуу жолуна барганыбыз болбойт. Айрым ашынган динчилдер анча эле кыйын экен, исламдагы Теңирчиликтин элементтерин түп тамырынан жоюп салсын анда, отко сыйынууну, замзам суусуна сыйынууну, Арафаттын ташына сыйынууну. Андай болбойт да.
– Отко сыйынуу христиандарда деле бар го. Шам жагып алып, отко сыйынып жатпайбы.
– Ооба, аларда да бар. Кыргыздар өзүнүн дүйнө таанымында көп нерсени башынан өткөрүп келген. Бугу эне, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата деп мал жандыкка сыйынуу бар. Дарактарга сыйынууну башынан өткөргөн. Тоо-ташка сыйынган. Анимизм деп коебуз. Бул процесс мыйзам ченемдүү. Болгону ал тайынуу бир улуттун ортосундагы кастыкка, тирешүүгө апкелбеши керек. Жаңы технологиялардын заманы келди, жасалма интеллект деп жатабыз, ушулар эле аң-сезимибизди өзгөртүп жибербесе, мунун баары кала берет. Сабырдын түбү сары алтын. Бирибизди бирибиз түшүнүп жашоого милдеттүүбүз!
– Бирөөлөр кыргыздар отко, сууга, тоо-ташка сыйынган десе, башкалар кыргыздар сыйын-ган эмес, алар табиятка жакын болуп, аларды ыйык туткан,
сууну да, отту да ыйык деп эсептеген дейт. Кимисине ишенебиз?
– Философия тилинде табу деп коет. Өтө ыйык нерселер. Мисалы отко жамандык кылба, сууга жамандык кылба, малга жамандык кылба, дарактарга жамандык кылба деген сыяктуу. Табу – ыйык нерсе. Мындай көрүнүш бардык элдерде болгон. Боло да бермекчи.
– 5 томдуктан тышкары эмнелердин үстүндө иштеп жатасыздар?
– Кыргыз жараны, тактап айтканда иденттүүлүк маселеси менен иштеп жатабыз. Кантип биз Кыргызстандагы түпкү улуттан тышкары башка улут өкүлдөрүн мен кыргыз жаранымын деп айттыра алабыз деген айтканга жеңил, бирок аткара келгенде оор тема.
Хабермас деген философ бар, иденттүүлүк ошонун теориясы. Ал “Америка это мы” деп китеп жазган. Анын теориясы боюнча индееци да, французу да, немиси да биз америкалыкпыз дейт. Биз да ошону туурап кыргыз жараны деген идеяны таркатканга, башка улуттун да биз кыргыз жараныбыз деп айттырганга аракет кылып жатабыз. Бул узак мезгилди талап кылат. Таркатуунун көп факторлору бар. Ошол факторлордун үстүнөн иштеш керек. Тоскоол болчуларын жок кылыш керек. Керектүүлөрүн кыргыз жаранына тууралап, өркүндөтүш керек.
Мамлекетти көйгөйгө салган экинчи маселе – бул мечит, медреселердеги, диний окуу жайлардагы билим берүү. Бүгүн Кыргызстанда 3 миңге жакын мечит, медресе, окуу жайлары, университеттери бар. Аларда эмне сабактар берилип жатат? Ошол сабактарды ким берет? Кандай берилет? Ал китептер кайда, ким тарабынан жазылган. Эмне үчүн жазылган? Бул чоң маселе. Мунун баарын изилдеп карап чыгып, бир тыянакка келбесе, биздин билим берүү чаржайыт болуп калышы мүмкүн. Биз ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.
– Туура айтасыз, үчүнчү бир күчтөр жана алардын артында турган өлкөлөр диний билим берүүдөгү башаламандыкты пайдаланып жатпайт деп эч ким кепилдик бере албайт да?
– Динди убагында демократиянын бир формасы катары карап, мамлекет динди башкаруу укугунан ажырап калган. Светтик деп Баш мыйзамда жазылган нерсени динчилдер каалагандай пайдаланууда. Светтик коом, мамлекеттин динге эркиндик бериши, дин – мамлекет үчүн проблема, баш оору жаратпаш керек эле. Бүгүн диндин атын жамынгандар мамлекет үчүн проблема жаратып жатат. Демек, бизде светтик деген нерсе бузулган. Муну жолго салыш керек. Экинчи маселе динчилдердин мамлекет астында жоопкерчилиги. Азыр диний уюмдар мамлекет астында жооп бербейт. Өз билгенин кылат, мамлекетке өз кызыкчылыктарын таңуулайт. Себеби, алар чет мамлекеттен миссионерлер аркылуу каржыланат.
– Улуттук коопсуздук, мамлекеттин бүтүндүгү деген принцип ушерден бузулуп жатпайбы.
– Так ушерден бузулуп жатат. Муну биз убагында жазганбыз. “Диндердин өнүгүү тарыхы” деген китеп бар. Анда бузуулар, мыйзамга жат нерселер ушунча көп. Ошону берки мектептерге алпарып окутуп да жатат. Аны караган эч ким жок. Биз “Муну карагыла. Мындай болбойт. Муну алып ташташ керек” деп корутунду бергенбиз. Бирок ага болбой эле окутуп жатат.
– “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу бизге жол көрсөткүч болуп бере алабы?
– Мамлекет башчынын жарлыгы менен бекиген “Уңгу жол” доктринасынан үмүт чоң. Андагы “улуттук дем” дегендин өзүндө селт эттирерлик күч бар. Кыргыз ушул мезгилге чейин кайсы улуттук деми менен жашап келген. Биз ага дагы кандай улуттук дем бере алабыз? Кыргыз – эне тили аркылуу баарлашып, тил карым-катнаш каражаты болуп, ошону менен жашап, башы биригип келген. Кыргыз тили бизге улуттук дем болгон. Кыргыз руханий байлыгы менен жашап келген. Кыргыз үчүн бул да дем болгон. Кыргыз баалуулуктары менен, макал-лакаптары менен, элдик оозеки чыгармалары, “Манас” эпосунун духу менен жашап келген. Биз бүгүн буларга эмнени кошумчалап, мамлекетти андан ары өнүктүрүп, өстүрүп кете алабыз?
Бизге дем бере турган кыргыз тилинин абалы кандай? Мыйзам турат! Башка мамлекеттерде “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам жок. Бизде гана бар. Өзбекстандын Конституциясында мамлекеттик тил өзбек тили деп жазылса, Россиянын Баш мыйзамында орус тили деп жазып койгон. Болду, ошол жетиштүү. Биз Конституцияда ак-карасынан жазылып турганына карабай, мыйзам кабыл алып, мамлекеттик мекеме түзүп, чечим, токтомдор менен да өз тилибизди кеңири өнүктүрө албай жатабыз. Башкалар эмес кыргыздар өздөрү балдарын башка тилде окутууда. Аталар-апалар Каныкейдин Тайторунун чабышы, Каныкейдин Бухарага качышын окутканда ыйлачу эле го. Мына дем деп ошону айтат.
– Бул эпизоддор азыр да ыйлатат да. Эпостун бул эпизодунда эл эл болуп, журт журт болуп калабы деген маселе кабыргасынан коюлуп, Манас эли бар болуу же жок болуусу төлгө салынып жатпайбы.
– Кеп ошол эпизоддор ата-бабаларыбызды козгоп, жүрөгүн титиреткендей, азыр да баарыбыздын жан дүйнөсүн козгой алабы? Менин айтайын дегеним, Манастын ыйыктыгын канчалык сактап калдык, кеп ушуга такалат. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктикте” Жердин ыйыктыгы, суунун ыйыктыгы ж.б. көп нерселер бар. Уңгужол убагында көтөрүлгөн маселе. Биздин институттун алдында чоң милдеттер турат. Жаратмандык, улутмандык, элдин башын бириктирүүчү көп маселелер бар. Улуттук дүйнө таанымдын ордун, диндин ордун тактап, коомдук аң-сезимди биримдикке чакыруу баштаган көп нерселер бар. Себеби, ушул убакка чейин элди эл кылып, журтту журт кылып келген нерсе бул улуттук дүйнө тааным, улуттук руханий баалуулуктар. Аны башка баалуулуктардын алдына басып бербешибиз керек. Элде “Улууну урматтоо кичүүнү ызаттоо” деген акылман кеп, түшүнүк бар. Караңызчы, ушул төрт сөзгө ата-эненин, карылардын, жаштардын, коомдун баалуулугу камтылган. Улууну канчалык урматтасаң, кичүүнү да ошончо ызаатта деп жатпайбы. Себеби, кичүүлөр эртеңки келечек. Улуулар муну түшүнгөн жана алар үчүн кам көргөн. Ата-энени сыйлоо атадан балага калган салт болгон. Улуттук баалуулуктар, тил, мамлекеттин территориясы улутту аныктап турган бирден бир белги. Булардан ажыраган эл эл болуудан калат.
Бир сөз менен айтканда, кыргыз философторунун алдында улуттун улут болуп кайра жаралуусу менен байланышкан зор милдеттер турат. Мамлекеттик саясаттын көңүл борборунда турган адеп-ахлах, нарк-насил, улуттук баалуулуктар жана уңгу жол тууралуу илимий иликтөөлөрдү жүргүзүү биздин кечиктирилгис озуйпабыз деп эсептейбиз.
Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”