Башкы беткеЖогорку КеңешСпикер өкмөт башчыны ыкчам иштөөгө чакырды

Спикер өкмөт башчыны ыкчам иштөөгө чакырды

Бүгүн парламентте Жанар Акаев өткөн жылдын аягында саясий репрессияга кабылган ата-бабаларды актоо боюнча тарыхый мыйзам кабыл алынганын эске салды. Депутат мыйзамдын 3-беренеси боюнча, өкмөт 3 айдын ичинде комиссия түзүп ЖКга алып кирерин, бирок бул иш кечеңдеп жатканын айтты.

Парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу муну колдоп, учурдагы өкмөт башчынын «кыймыл-аракети жай» экенин белгиледи.

“Алмасбек Ахунжанович, минкабдын төрагасына кулак кагыш кылып айтып коюңуз, бул кишинин кыймыл-арекети бир аз жай экен. Азыр ыкчам иштей турган учур. Жайбаракат иштей турган заман өткөн. Андыктан бул мыйзамдын демилгечилеринин бири катары айтып коеюн, өкмөт тез арада айтылган маселени чечип, пленардык жыйынга алып чыксын”, — деди ЖК төрагасы.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар