Башкы беткеРубрикаларАймактарГүлчө айылы шаар статусун алышы мүмкүн

Гүлчө айылы шаар статусун алышы мүмкүн

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылына райондук маанидеги шаар статусун берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.

Документке ылайык, айыл аймагына 12 айыл кирет, алардын ичинде райондун административдик борбору болгон Гүлчөдө 22 миңден ашуун калк жашайт. Бул жерде администрация, сот, прокуратура, УКМК, банктар, мектептер жана бала бакчалар сыяктуу негизги мекемелер жайгашкан.

Мыйзамга ылайык, калкы 10 миңден ашкан жана социалдык-өндүрүштүк инфраструктурасы өнүккөн калктуу конуш шаар статусун ала алат.

Демилге жергиликтүү бийлик менен тургундар тарабынан колдоого алынып, бардык ведомстволук текшерүүдөн өткөн. Мыйзам кабыл алынса, Гүлчө айылы расмий түрдө райондук маанидеги шаар болуп калат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар