Кыргызстан менен Япония энергетика тармагында кызматташууну кеңейтүүдө. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токиодо Жапония парламентинин депутаты, «Япония–Кыргызстан» достук тобунун жетекчисинин орун басары Тошиаки Эндо менен жолугушуп, Чоң-Кемин суусуна чакан ГЭС куруу долбоорун талкуулады.
Muroosystem Corporation ишке ашырып жаткан долбоордун жалпы кубаттуулугу 22 МВт, баасы болжол менен 30 млн долларды түзөт. Министрдин айтымында, бул кайра жаралуучу энергетика тармагындагы Кыргызстан–Япония кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири болуп эсептелет.
2024–2025-жылдары долбоор боюнча изилдөөлөр жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгып, учурда курулуш үчүн жер маселелери таризделүүдө. Президент Садыр Жапаровдун Японияга иш сапары маалында келишимге кол коюу пландалууда.
Тошиаки Эндо долбоорду колдоого даяр экенин билдирип, парламенттик байланыштарды дагы да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

