Башкы беткеРубрикаларАймактарКара-Көл шаарында мугалимдерге “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды

Кара-Көл шаарында мугалимдерге “Алтын Казык” ноутбуктары тапшырылды

 Кара-Көл шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлеринин август педагогикалык кеңешмеси өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган жетекчилер катышты.

Кеңешме учурунда 2024–2025-окуу жылындагы жетишкендиктер боюнча маалымат берилди. Ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасында инсанга багытталган окутуу жана мугалимдин ролу тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын алкагында STEM багытында сабак берген 77 мугалимге “Алтын Казык” бренди менен тааныла баштаган ата мекендик ноутбуктар салтанаттуу тапшырылды.

Эске салсак, быйыл 7-августта Агартуу министрлиги өлкөнүн аймактарына 27 миңден ашык ноутбук жөнөтүлгөнүн билдирген.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар