Билим берүү жана илим министрлиги өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, айкындалган тобокелдиктерди азайтуу менен 12 жылдык мектептик билим берүүнү этап менен киргизүүнү уланта турганын билдирди. Министрлик билим берүүнү трансформациялоо 6 жаш курактан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт, ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган деп эсептейт.
12 жылдык билим берүүгө өтүү 2025-жылдын сентябрынан башталат. 1-класска 6 жаштагы балдар барышат, а 7 жаштагы балдар “Наристе” программасынан өткөн болсо, дароо 2-класска кабыл алынат. Ошондой эле 3-классты аяктагандар 5-класска, 6-классты аяктагандар 8-класска секирүүсү күтүлүүдө.
Маалымат үчүн:
Суроолор жана жооптор
Суроо: 1-класска жана 2-класска каттоо качан башталат?
Жооп: 1-класска жана 2-класс-ка каттоо бир учурда өткөрүлөт. Каттоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этап 2025-жылдын 1-апрелинде башталат, каттоо баланын ата-энеси туруктуу расмий түрдө катталган жер боюнча жүргүзүлөт. Экинчи этап 2025-жылдын 2-июнунда башталат, каттоо баланын ата-энеси туруктуу катталган жерге карабастан жүргүзүлөт.
Суроо: Менин балам кайсы мектепте окуй тургандыгын кантип билсем болот?
Жооп: Бала кайсы мектепте окуй турганын билиш үчүн “Мектеп” автоматташтырылган маалымат системасында баланын ПИН кодун териш керек.
Суроо: Эгер мен баламдын ушул мектепке барышын каалабасам, эмне кылышым керек?
Жооп: Эгер сиз балаңыздын сунушталган мектепке барышын каалабасаңыз, “Баш тартуу” баскычын басыңыз. Экинчи этапта башка мектепти тандоого дагы бир мүмкүнчүлүк болот, бирок, ал мектепте бош орундар болушу керек жана балаңыз башка мектепке кабыл алынган болбошу керек.
Көңүл буруңуз!
Эгерде система көрсөткөн мектепке баруудан баш тартсаңыз, анда бул өтүнмө калыбына келтирилбейт!
Суроо: Экинчи этапта кайсы мектептерди тандаса болот?
Жооп: Системада балдарды мамлекеттик жана муниципалдык, жеке менчик мектептерге гана кабыл алуу каралган. Атайын мектептер жана класстар, интернаттар, музыкалык мектептер системага киргизилген эмес.
Кошуна Казакстан 12 жылдык билим берүүгө 2000-жылдардын башында өткөн. 2004-жылы эксперименталдык режимде башталып, республика боюнча 104 мектепти камтыган.
2021-жылы Казакстандын билим берүү министрлиги 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы толугу менен өтөрүн билдирген. 12 жылдык орто мектепти узартуунун эсебинен ишке ашырылган жана төмөнкүдөй структурага ээ:
Башталгыч мектеп – 4 жыл
Орто мектеп – 6 жыл
Жогорку мектеп – 2 жыл
Балдар 1-класска 6 жашынан кабыл алынган. Артыкчылыктуу предметтер болуп математика, информатика жана тилдер саналган. Казакстандын тарыхы жана бүтдүйнөлүк тарых бир окуу китебине бириктирилген.
Казакстан билим берүүнүн жаңы моделине аз жылдардын ичинде эле өтөбүз деген менен жыйырма жылдан ашуун убакыт кеткен.
Армения 12 жылдык билим берүүгө өтүү чечимин 2006-жылы кабыл алган,
даярдык 2008-жылы, ишке ашыруу 2017-жылы башталган.
Аларда 12 жылдык билим берүү:
Башталгыч мектеп – 4 жыл,
Орто мектеп – 5 жыл
Жогорку мектеп – 3 жылдык структурага ээ.
Маалымат үчүн:
Суроолор жана жооптор
Суроо: 1-2-класска бара турган балдарга кандай талаптар коюлат?
Жооп: 1-2-класска бара турган балдардын жаш курагы боюнча гана талаптар коюлат. Эгерде «Наристе» программасынан өтсө же бала бакчанын даярдоо тайпасында окуган болсо, анда ал балдар 2-класска кабыл алынат.
Суроо: Мектептер балдарды кабыл алып жатканда тест менен текшереби же баланын жаш курагы эле жетиштүүбү?
Жооп: Негизинен баланын жаш курагы жетиштүү. Бала кайсы класс-ка отура турганы анын кайсы программаны окугандыгына байланыштуу болот. Балдарга тестирлөө жүргүзүлбөйт, бул мыйзам менен тыюу салынган.
Суроо: 1-класстын окуучуларына өздүк дело ачылабы жана аларды ИСУОдо каттатуу керекпи?
Жооп: Балдарды 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүрөт, аларга сөзсүз түрдө өздүк делосу ачылат.
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Токтомаметовдун айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө окуу китептери менен көйгөй жаралбайт. Анын айтымында, Сингапурдан сатып алынган математика, физика, химия, биология жана информатика боюнча 46 аталыштагы окуу китептери которулуп, азыр адистер Кыргызстан үчүн
адаптациялоодо.
Окуулуктар сентябрга карата даяр болуп калат. Окуу китептери ар бир окуучунун колунда болуп, эч кандай таңсыктык жаралбайт. Ал эми кыргыз тили, орус тили, тарых, география, диндердин өнүгүү тарыхы боюнча китептер атамекендик адистер тарабынан даярдалып, бул жаатта проблема бар.
Маалымат үчүн:
Суроолор жана жооптор
Суроо: Экинчи этапта эки мектепти тандасам болобу?
Жооп: Жок, сиз бош орундары калган бир гана мектепти тандай аласыз.
Суроо: Өтүнмөнү кантип кайтарып алса болот?
Жооп: Өтүнмөнү бала мектепке кабыл алынганга чейин жеке кабинет аркылуу жокко чыгарсаңыз болот.
- Эгерде баланы кабыл алуу тууралуу буйрук чыгарылган болсо, анда мектепке кайрылып, окуудан чыгаруу жөнүндө арыз жазуу керек.
Суроо: Эгерде баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, эмне кылыш керек?
Жооп: Мындай учурда Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылып, документ алышыңыз керек же болбосо жергиликтүү мамлекеттик администрацияга караштуу Балдар иштери боюнча комиссияга кайрылыңыз.
Суроо: Эгерде жашаган жерибиз/убактылуу турган жерибиз боюнча каттообуз жок болсо, эмне кылышыбыз керек?
Жооп: Эгерде жашаган жериңиз/убактылуу турган жериңиз боюнча каттооңуз жок болсо, Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылууңуз зарыл.
Суроо: Эгерде мен башка мамлекеттин жараны болсом, балдарымды мектепке каттай аламбы?
Жооп: Ооба, каттай аласыз. Алгач Калкты тейлөө борборунан (КТБ) каттоодон өтүп, (ата-энеге жана балага) Кыргыз Республикасынын жеке идентификациялык номерин (ЖИН) алыңыз. Андан кийин балаңызды «Мектеп» автоматташтырылган маалымат системасына каттатыңыз. Катталып жатканда каттоо талонунда көрсөтүлгөн документтин номерин көрсөтүңүз.
Ошентип, Кыргызстан 2025-жылдын сентябрынан 12 жылдык билим берүү моделине өтөт. Бул баарыдан мурда 1-класстын жана 2-класстын окуучуларына тиешелүү.
Мурдагыдай эле мектептерге кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлөт. Бирок 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатканыбызга байланыштуу электрондук каттоо биринчи жана экинчи класстарга ачылат.
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, бала бакчага барган балдарга сертификаттар берилбейт. Андыктан мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөндөр менчигинин формасына карабастан balalyk.edu.gov.kg сайтына каттоодон өтүп, мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын маалыматтарын киргизүүгө тийиш. Бул маалыматтар электрондук каттоо системасы менен синхрондошуп, ата-энелерге балдарын дароо 2-класска каттатууга шарт түзөт.
P.S. Макаланы даярдоодо Билим берүү жана илим министрлигинен, “Кутбилим” гезитинен, ачык маалымат булактарынан алынган маалыматтар пайдаланылды.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

