27–28-август күндөрү Азия парус спорт федерациясынын (ASAF) президенти, доктор Малав Шрофф Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Анын сапары Кыргызстандын парус спорт федерациясынын президенти, профессор, медицина илимдеринин доктору Канат Мамакеевдин чакыруусу боюнча уюштурулду.
Иш сапардын алкагында доктор Малав Кыргызстандын парус спорт федерациясынын башкы катчысы Андрей Мадеко, ошондой эле Балыкчы шаарындагы балдар-өспүрүмдөрдүн парус спорт мектебинин башкы машыктыруучусу Виктор Брюхов менен жолугушуп, өлкөдө парус спортун өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Ошондой эле ал Чолпон-Ата шаарындагы яхта клубуна барып, федерациянын президенти Канат Мамакеев жана клубдун кожоюну Сергей Ильчишин менен жолугушту. Конок клубдун ишмердүүлүгүн, музейинин жогорку деңгээлде уюштурулушун белгилеп, Ысык-Көлдө парус спортун өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.
Жолугушууларда Кыргызстанда машыктыруучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар-кеңешмелерди өткөрүү, окуу жыйындарын уюштуруу жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кубогун Ысык-Көл жээгинде өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишилди.
Азия парус спорт федерациясынын курамына 33 өлкө мүчө. Кыргызстан менен ASAFтын кызматташуусу өлкөдө элиталык спорт түрү болгон парус спортунун өнүгүшүнө өбөлгө болору белгиленди.

