Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаАйыл чарба министрлигиндеги 2025-жылга карата негизги жетишкендиктер

Айыл чарба министрлигиндеги 2025-жылга карата негизги жетишкендиктер

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү иштерди аткарды.

Суу ресурстары:

  • 10 бассейн жөнгө салуу курулду, 12 объектте курулуш, 29 объектте долбоорлоо иштери жүрүүдө;

  • 430 км каналдар, 302 гидротехникалык курулма, 91 насостук станция оңдолду;

  • 8 365 га аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу орнотулду.

Айыл чарба жана көчөттөр:

  • 12 млн 152 миң көчөт даярдалып, импорт азайды;

  • Кыргызстан алгач ирет 40 тонна беденин үрөнүн Россияга, 1,6 тонна ашкабактын үрөнүн Японияга экспорттоду;

  • Чүй облусунда помидор түшүмдүүлүгү гектарына 120 тонна болуп, дүйнөлүк рекорд коюлду.

Жайыт жана тоют:

  • 224 тоннадан ашуун чөп жана эспарцет үрөөнү 14 938 га жайытка себилди;

  • “Судан” гибриди жайылтылып, гектарынан 100 тонна жашыл масса алынууда.

Мал чарбачылыгы жана ветеринария:

  • 60 млн сомго жасалма уруктандыруу шаймандары техник-осеменаторлорго берилди;

  • Ветеринардык кызматка 40 кызматтык автоунаа тапшырылды.

Өнөр жай жана кайра иштетүү:

  • 2024-жылдын августунан бери 30 ишкана ишке кирди, 2025-жылы дагы 35 ишкана ачылат;

  • 68 жаңы кооператив түзүлүп, жалпы саны 813кө жетти;

  • 3,3 млрд сом жеңилдетилген насыя 1 251 субъектке берилди.

Экспорт жана азык-түлүк коопсуздугу:

  • Кыргызстандын айыл чарба продукциялары 80ден ашык өлкөгө экспорттолууда;

  • 462 ишкана ЕАЭБ реестрине, 37 – Кытайга, 45 – Өзбекстанга, 12 – Түркияга катталды;

  • Калк үчүн негизги азык-түлүктөр – сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер жана жумуртка менен толук камсыздандырылууда.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар