Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарында Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун капиталдык оңдолушу менен жеринен таанышып, иштин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө басым жасады.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 34 чакырымды түзүп, оңдоо иштери үч этап менен 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүлмөкчү. Учурдагы жумуштар Өзгөн шаарына караштуу 4,5 чакырым участокто жүрүп жатат. Бул бөлүктө төрт тилкелүү жол, тротуарлар, жашыл зоналар жана ирригациялык тутум курулат.
Долбоордун жалпы сметалык наркы 2,2 млрд сомду түзөт. Ошондой эле, 2025-жылы Ош облусунун негизги жолдорун оңдоого Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражат аймактагы бир нече маанилүү багыттарды жакшыртууга жумшалат.