Башкы беткеСаясат жана коомКоомӨКМ: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23–27-майда нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыялар ташып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымалдыгын эскертти.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырып, өзгөчө тоолуу аймактарда эс алуудан убактылуу баш тартууга, чарбактардагы арыктар менен сел каналдарын алдын ала тазалап коюуга үндөдү.

Өзгөчө кырдаал жаралса же ага күбө болсоңуз, 112 кызматына дароо кабар берүүнү сунуштайт. Бул байланыш кызматы акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Белгилей кетсек, акыркы айларда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунда да сел жүрүп, турак жайларды жана жолдорду суу каптап, инфраструктурага олуттуу зыян келтирилген.

Расмий маалыматтарга ылайык, соңку 12 жылда өлкө аймагында 900дөн ашуун сел катталган. Акыркы 5 жыл ичинде сел жана суу ташкынынан 32 адам каза болуп, 2024-жылы эле 300гө жакын селден 20дан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар