Башкы беткеМаанилүү«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун практикалык этабы башталды

«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун практикалык этабы башталды

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай мамлекеттик темир жол корпорациясынын башкы директорунун орун басары Ван Лисин баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу практикалык баскычка өткөнү белгиленди. Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктура куруу жана уюштуруучулук маселелерди чечүү иштери жүрүүдө.

Тараптар долбоорду ишке ашырууда коопсуздук жана экологиялык эрежелерди сактоого, жергиликтүү адистердин катышуусун жана жергиликтүү жеткирүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле жүк ташуу көлөмүн болжолдоо, темир жол адистерин даярдоо үчүн Академия ачуу жана жаңы экономикалык аймактарды түзүү маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев бул долбоорду «достуктун жана туруктуу өнүгүүнүн символу» деп атап, ал аймактардын байланышын чыңдап, сооданы кеңейтип, миллиондогон адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар